www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израил менен ХАМАС Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо режимин дагы эки күнгө узартууну макулдашты. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, бул тууралуу сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган Катардын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мажид аль-Ансари социалдык түйүндөр аркылуу жарыялады.
Буга чейин Израил ХАМАСтын согушкерлери күнүнө барымтадан 10 кишиден бошотуп турса, макулдашууну улам бир күнгө узартууга даяр экенин билдирген. ХАМАС радикал тобу дагы 24-ноябрда күчүнө кирген төрт күндүк келишимди узартууга ниеттенип жатканын кабарланган.
Ошону менен катар Израилдин бийлиги эгерде ХАМАС куралдуу тобу барымтадагылардын калгандарын бошотууга макул болбосо, еврей армиясы макулдашуунун мөөнөтү аяктар замат операциясын болгон күчү менен жанданта турганын эскерткен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg