www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Париж Борбор Азияда уран издеп жүрөбү?

Макрон Өзбекстанда да экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселесине басым жасаган. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда  Париж Борбор Азияда уран издеп жүргөндөй. Макрон кеткенден кийин Өзбекстандын Тоо-кен өнөр жайы жана геология министри Борис Исламов эки жаңы уран кенин иштетүү боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык, Франциянын мамлекеттик Orano өзөктүк компаниясынан 500 миллион доллардан ашык инвестиция келе турганын жарыялады. Тараптар айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортун көбөйтүүгө жардам бере турган логистикалык борборлор тармагына инвестиция салууну да макулдашты.

Балким, сапардын аныктоочу шааниси Макрон менен Мирзиёевдин Самарканддагы Silk Road City комплексинде түнкү сейилдөө алдында чын ыкластан узакка созулган кучакташуусу жана кол алышуусу болду окшойт. Мындай сүрөттөр өзбек Instagram аккаунттарында жакшы көрүнөт, бирок Москвада, тескерисинче, алар сүйүнтпөйт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости