www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сойкуларды соолткон

Кылмыштуу ишмердүүлүктү колдоого багытталган каржылоо булактарын жоюу жана акча агымын азайтуу максатында интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын тармагы аныкталып, бөгөт коюлду. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Бишкек шаарынын бир катар даректеринде тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10 сойкукана, анын ичинде массаж салонуна жамынып, иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жаткан жерлерде сойкуканалардын уюштуруучусу жана ээлери, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки кыздар, алардын арасында борбордогу ЖОЖдордун студенттери да кармалган. Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (“Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо”) каралган кылмыштын белгилери боюнча, сойкуканалардын 10 уюштуруучусу жана ээлери кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости