www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жактырган буюмуңду базардан соодалашып алат экенсиң. Бирок, жактырган адамыңды тагдыр менен келишип, соодалашып болбойт тура.

Колуңдан кеткен байлыкка ичиң ачышпасын - демек сенин насибиң эмес экен.

Жашооңдон чыгып кеткен же чыгып кетмекчи болгон адамдарды кайтарганга урунба - демек алар өз ролдорун ойноп бутуптур.

Жоготкон ден-соолугуңа, сага келген ооруга кайгырба - демек Алла сени сүйөт, күнөөлөрүң төгүлүүдө.

Жоготкон нерселерибиз жакшы болчу, демек - Алла андан да жакшысын берет.

Бир даанышман айтты: "Инсанга эң жакшы дары - мээрим жана махабат." Ошондо сурашты: "Эгер ал пайда бербесечи?" Даанышман жооп берди: "Өлчөмүн көбөйтүү керек."

Бирөөлөр сени төмөнсүң десе капа болбо, анткени таразанын бош тарабы өйдөдө турат.

Эң жакшы мөмөлөрдү ар дайым куштар чокуп кеткен сыяктуу, эң жакшы инсандар да жалаакор (дооматчылардан) көп азап көрөт.

Билбегендер унчукпай турганда, дүйнөдө азыр мынчалык талаш-тартыштар болмок эмес.

Канчалык мээримдүү, ак көңүл болсоң, жашоодо ошончолук азап чегесиң.

Мугалим болуунун үч жакшы жагы бар. Ал - июнь, июль, август.

Каттабек ШАМШИЕВ

Булак: NazarNews.kg

Последние новости