www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жекшемби күнү, 6-октябрда ЖКнын айрым депуттары жана өкмөт мүчөлөрү, «Көк бөрү» федерациясынын өкүлдөрү, журналисттер жана шоу-бизнес жылдыздары менен бирге футбол боюнча мелдешке катышып, убакытты көңүлдүү өткөрдүк.

Социалдык тармактарда “Кыргызстан” партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев ушул сүрөттөрү менен эле мактанып бүтпөй койду. Жакында эле аталган саясий күч өзүнүн съездин өткөрүп, өзүнчө эле бир концерт болгон.

Урматтуу, Канат Исаев жана сүрөттөгү башка өл өкүлдөрү менен өкмөт мүчөлөрү, эл силерге кыжырданып, ишиңерден бир майнап чыкпай жатканда, тынчыраак эле өз ишиңер менен алектене берсеңер болбой беле?.. Футболду футболчулар эле ойносун, ойносоңор дагы фотоотчет кылбай эле койсоңор.

Андан көрө партияңар шайлоого чейинки убадаларын кандай аткарып жатат? Качан коомдук транспортто жол кире качан акысыз болгондо, качан 50 миң орундуу супер стадион курулганда ж.б. берген убадаңарды аткарганда мактансаңар!

Ал эми Канат Исаевдин фонундагы депутат Бакыт Сыдыков, саламатсызбы! Ишиңиз жүрүшүп жатабы?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости