www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек Бекназаров, мурунку башкы прокурор: “Ак үйдө башкача оюн жүрүүдө… Президент мени менен жолукпай коюшу мүмкүн”, деп "Жаңы Ордо" гезитине маек курган.

--Азимбек Анаркулович, сиз маалымат жыйын берип жатып президент Сооронбай Жээнбековдон бир канча өлкөлөргө элчи болуп баруу сунуш болгонун айттыңыз. Малайзияга элчи болуп баруу үчүн ал жактан агреман келгенин ачыктадыңыз. Бирок, Курултайда кабыл алынган чечимдер аткарылбаса элчиликтен баш тартам дегендей кылдыңыз. Бийликти эсептешкенге аргасыз кылып жатасызбы?

--Президент мага “Ушунча жылдан бери бош жүрөсүз, ушул жакка барып иштеп бербейсизби…” дегени үчүн маалымат жыйында дагы ыраазычылык айттым, бүгүн дагы гезит аркылуу ыраазычылык айтам. Анткени, бул жалган дүйнөдөгү саясий өмүрүмдө “Сиз оор учурда мамлекеттик көп иш аткарасыз да, андан кийин четте калып каласыз” деп түшүнгөн биринчи президент ушул адам болду. Президент мага ушундай сунушту айтканда, экөөбүздүн ортобузда ачыкка чыкпай турсун деген сөз болгон. Өткөн жумада бул маалымат чыгып кетти. Президенттин сунушуна Бекназаров али жооп бере элек дегенди өздөрү чыгаргандан кийин өзүмдүн пикиримди айттым. Ага чейин бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин. Ошондуктан, бул бийлик менен эч нерсени эсептешким келбейт. Биринчиден, биздин Курултай ачык болуп, бийликтин өкүлдөрү дагы катышып, кабыл алынган чечимдер бийликке берилип келатат. Экинчиден, Конституциялык убакыт боюнча парламент келип түшкөн мыйзам долбоорун мыйзамда белгиленген мөөнөттө караш керек. 10 миңден ашык элдин демилгеси менен киргизилген мыйзам долбооруна 4 айдан ашып баратат, караган жок. Үчүнчүдөн, биз Конституциялык реформа башталсын, Конституциялык Кеңешме түзүлсүн деп айтканбыз. Бул дагы түзүлгөн жок. Төртүнчүдөн, кен байлыктарда Кыргызстандын элинин үлүшүн аныктаган мамлекеттик комиссия түзүлсүн, эгемендик доордо таланып-тонолуп келаткан кен байлыктарга инвентаризация жүргүзүлсүн дегенбиз. Мамлекеттик комиссия түзүлгөн жок.

--Сиз президенттин жардамы менен Курултайдын талаптары ишке ашып жатат деп айтпадыңызбы?

--Ооба, биз менен Курултайдын талаптарынын айрымдары боюнча өкмөт, президенттин деңгээлинде байланышып, сөз болуп келатат. Бул дагы президенттин биздин үндү уга билгени, сынды көтөргөнү деп ойлойм. Улутчул-мекенчилдердин, айрыкча Бекназаровдун айткан сөзүн анча-мынча саясатчылар көтөрө албайт. Эски тааныш, бирге депутат болуп жүргөн, менин кулк-мүнөзүмдү билген киши катары Сооронбай Шарипович чыдап угуп келатат. Курултайдын 70 пайыз талаптары президенттин көмөгү менен аткарылды. Мисалы, президенттин “Мыйзам бузбаса эмне үчүн күбөлүк бербейсиңер” дегенинен кийин Юстиция министрлиги бизге күбөлүк берди. Кыйналып 10 миң кол чогултуп киргизген мыйзам долбоорун парламенттен бир депутат жазып койсо болбойбу? Же болбосо “Кумтөрдү” денонсация кылуу дегенди элди кыйнабай “Мен мекенчилмин, кен байлык үчүн күйүп жүрөм” деген фракциялардан бир депутат жазса болбойбу? Жазган жок. 9 жылдан бери Элдик Курултай Конституцияда турат, бул боюнча 9 жылдан бери мыйзам кабыл алышпады. Президент менен жолукканда ушундай көп нерселер сөз болот. Президент “Азике, айтканыңар туура. Бирок, силер айткан мөөнөттө өзгөртүп коюу кыйын экен. Башка мамлекеттик көп маселелер бар. Атамбаевдин айланасындагы коррупция менен көп убактымды коротуп койдум” деген ачык сөздөр болгон. Биз түшүнүп, шашкан жокпуз. Ошондуктан, мен ага ультиматум койгон жокмун. Али убакыт бар, сүйлөшөлү дегем. Президент өзү дагы “Убакыт бар, күзгө Курултайга чейин сүйлөшөлү, ишке ашырабыз. Бирок, дароо эле эмес” деген. Мен кечээ ушуну айттым. Президент менен жолугабыз, ошондо жообумду айтам дедим, ультиматум жок.

--Ошондо, элчи болуп кетээриңиз бүдөмүк бойдон калуудабы? Сиздер койгон талаптардын аткарылышы кечеңдесе, бийликке келишкис оппозицияга айланасызбы?

--Өткөн жылы 24-ноябрда өткөн Курултайда өзүм негизги докладчы болуп, “Бүгүн бизге президент Жээнбеков экс-президент Атамбаевден ажыраганы, чоң иш жасайм деген максаты бар экени түшүнүктүү болду. Президентке кол кабыш кылып, мурдагы президенттер кетирген кемчиликтерди оңдоого көмөк көрсөтөлү, Конституциялык реформа жасайлы. Урматтуу саясатчылар, бүгүн биз ким менен экенибизди аныкташыбыз керек. Мен талтайбай, Жээнбеков тарапка бутумду тартып алдым. Мен Жээнбековду колдойм” деп айткам. 1 жылдан бери Жээнбековдун коррупция менен күрөшүн колдоп, ачык билдирүү жасап жатабыз. Аны менен бирге кемчиликтерин да кошо айтып, бул иштерди дагы жүргүз деп айтуудабыз. Биз 1 жылдын ичинде анын командасында болгон жокпуз. Конструктивдүү оппозиция болуп кызматташуудабыз. Бийликке келишпес оппозиция болуп өтө элекпиз. Эгер бийлик бизди алдап, эптеп убакыт өткөрөм десе, анда биз дагы ошого жараша мамиле кылабыз. Чындап эле убакыт талап кылынып жатса, анда күтөбүз. Премьер-министр Абылгазиевге президенттин жардамы менен жолуктук. Абылгазиев ачык эле “Жерүйдү” өзүбүз иштетсек болмок экен. Ата-бабаларыбыз мурун эле казышыптыр. Өкүнүп калдым, ичимен кан өттү” деп айтты. Азыр дагы кеч эмес, алып иштеткиле деп айттык. 600 млн карыз боюнча эл аралык сотко берип коёт дейт. Өкмөттүн алар менен келишими жокпу? Жок. Соттун чечимичи?

Жок. Анда эл аралык сотко берсе, ким аларды 600 млн долларга карыз кылса, ошолорду кармап бергиле деген сунушубузду айттык. “Жерүй” боюнча “Альянс” менен Өкмөттүк келишим барбы? – дегенди аныктадык. Андай келишим жок экен. Биз эртең-бүрсүгүнү жолугуп, Курултайдын датасын аныктайбыз. Ошого чейин калган маселелерди чечебиз деген ойдомун. Мен чет өлкөгө “посол” же “пошёл” болуп кетемби, Курултайда коюлган маселелердин жок дегенде 80 пайызы чечилгенде кетсем, элдин алдында жузүм жарык болобу деген ойдомун. 2-3 маселе калды, дагы деле президентте үмүтүм бар, ошон үчүн жолугам деп жатам.

Кеп кызматта, элчи болууда эмес. Мен андан чоң кызматта дагы иштегем. Карыганда чет өлкөгө сүргүнгө айдап жибергендей нерсе мени деле кызыктырбайт. Бүгүн бийликте тургандарга менин керегим жок экенин да билем. Алар деле менден кутулуп, бир жакка жөнөтүп жибергиси келип жатканын жакшы түшүнөм, жаш бала эмесмин. Бирок, азыркы бийлик Кыргызстандын, элибиздин кызыкчылыгы үчүн чыгып тур десе, чыгып деле турам. Болгону кыргыз эли утса болду.

--Маалымат жыйын берип жатып, “Жогорку Кеңештин төрагасы менен бүгүн-эртең жолугушам” деп айттыңыз. Бирок, төрага маалымат жыйын бергениңизден кийин жолугушууну токтотуп койгону чынбы?

--Президенттин жардамы аркылуу төрага менен жолугабыз дегенбиз. Ушул жолугушуу көп нерсени чечмек Турсунбек Акун кечке маал телефон чалып, “Сиз маалымат жыйын бергенден кийин төрага жолукпайм деп койду. Саат төрттө жолукмак элек, эми жооп бербей жатат. Себебин айткан жок” деди. Өкмөттөн да мен айткандай сүйлөшүү болгон эмес дешти. Биз Өкмөт башчы менен жолукканда, Бажаевдин фирмасынын өкүлү олтурган. Мен нааразы болгом “Буда Өкмөттө иштейби” деп. Өкмөт Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын коргобой, чет элдик инвесторлорду коргоп жатат. Демек, Ак үйдө башкача оюн жүрүүдө. Өкмөт менин сөзүмдү жалганга чыгарып, Бажаевдердин алдында актангандай болуп жатат. Эгерде ушинте берсе, мурдагыларга окшоп тагдырлары да ошондой болушу мүмкүн.

--Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү президент менен жолукканда, сиз Сооронбай Жээнбековдон Атамбаевди үй камагына чыгарууну сурансаңыз, калгандары колдобой коюптур. Атамбаев бийликте турганда ошол адамдардын кээ бирөөлөрү премьер-министр, депутат болуп кызматтарда жүрүшпөдү беле. Жеке таарынычтан жогору чыга албаптыр деп кабылдасак туура болчудайбы?

--Бул суроого өздөрү жооп берсе туура болот деп ойлойм. Арасында президент болом дегендери бар, кыргыз саясатында атактууларбыз деп жүрүшөт. Мен сунуш кылдым, алардан колдоо тапкан жокмун. Бирок, президент “Колумдан келишинче ага жамандык кылбоого, аны камабоого, тергөөнү жөн жүргүзүүгө аракет кылынды. Тергөөчүлөр үйүнө барып, ушул жерден сурап кетели десе да, аларды кууп, кабыл албай коюптур. Өзү мыйзамга баш ийбей, талкалайм деп жүрүп кан төгүп алды. Өзүңүз укук коргоо тарабында иштеген адамсыз. Аны сот чечет. Мен андай кылгыла деп айта албайм. Туурабы?” дегенде, туура дедим. Бирок, президентке кылмыш саясатын түшүндүргөнгө аракет кылдым. Кеп Атамбаевде эмес, бизде ушундай өнөкөт болуп калды. Советтер Союзу учурунда кылмыш жасагандарга кайра тарбиялоо, түзөтүү үчүн жаза берчү. Бизде саясатчынын өзүн эле эмес, бала-чакасына чейин кылмышкер катары көрсөткөн саясат жүргүзүү өнөкөткө айланууда. Мисалы, баардык президенттерге менин балдарым, досторум, туугандарым, курсташтарым дагы душман. Сиз ушуну токтотпойсузбу. Атамбаевден баштап, айкөлдүк кылып, резиденцияга эч ким менен катташпагандай кылып үй-бүлөсү менен камакта кармап, кечиримдүүлүк саясат жүргүзбөйсүзбү дегендей ойду айттым. Мына, жаныбызда олтурган Текебаев деле чыкты. Убагында Атамбаевге мойнума камчы салып, Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарып койчу деп сурагам. Ал султандык кыла албады. Мойнуна камчы салды дегенди түшүнгөн эмес. Бүгүн Текебаев жаныбызда олтурат. Атамбаев деле 2-3 жылдан кийин арабызда олтуруп калышы мүмкүн. Түркияда президенттер, чоң саясатчылар, көрүнүктүү ишмерлер жаңылыш иш кылып койсо, аларды өзүнчө кармайт. Биз дагы ошого үйрөнбөйлүбү. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ушул сунушумду колдогон жок. Тескерисинче, сен эмне деп атасың? - деген түр көрсөтүштү.

--Август айындагы маегиңизде “Атамбаев жана анын жакындарында 14-августта бийликти кулатабыз деген план болгон” деп айткан экенсиз. Атамбаевдин жанында жүргөн Алга Кылычев дагы Атамбаевдин мамлекеттик төңкөрүш жасай турган планы болгонун тергөөгө билдиргени маалым болду. Сиздин айтканыңыз менен Алга Кылычевдин көрсөтмөсү дал келип жатпайбы. Төңкөрүш жасайм, тополоң чыгарам деген адамды үй камагына чыгарып коюу кооптуу эмеспи?

--Алар 14-августта митинг өткөрөбүз деп чечим кабыл алышпады беле. Муну баары эле билет. Биз улутчул-мекенчилдер кандай талап койсок, алар дагы ошол эле талаптарды коюшту.

Атамбаев ошол убакта эле “Мен буларга баш ийбейм, кармашам, керек болсо атышам” деп айтып жаткан. Сага 2018-жылы февралда “Эрегиштен эр өлөт” деп маек бергем. Ошондо экөө жаңыдан эрегише баштаган эле. Бирөөң Путин, бирөөң Ельцин бол, эрегишип бөөдө бирөөнү өлтүрөсүңөр деп эскерткем. Ортодо кан төгүү болду. Ушул иштер эрегишүүдөн келип чыкты. Мен Атамбаевди камактан же жоопкерчиликтен бошот деген жокмун. Болгону камактын түрүн өзгөрт деп жатам. Кылган кылмышы боюнча жооп берсин, ортодо бейкүнөө эр азамат өлүп калды. УКМКда негизинен террорчулар, наркомандар, шпиондор олтурат. 6 жыл мамлекетибизди башкарган адамыбызды ошолорго алып барып кошуп койгон туурабы? Өзүбүздү көз карандысыз мамлекет деп эсептесек, ушуга окшогон саясатты өзгөртпөйлүбү деген ойду айттым. Сиз деле башкы прокурор болгонсуз деп айтып жатасың да. Мен Курманбек Бакиевди кармайм деп Жалал-Абадга чейин кууп барган Убактылуу Өкмөттүн жападан жалгыз мүчөсү болгом. Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова Убактылуу Өкмөт менен Бакиевдин ортосунда ортомчу болгондо, экөөнө Ошто Убактылуу Өкмөттүн атынан кепилдик берем, Бакиев колго түшүп берсин, тополоң кылганды койсун, үй-бүлөсү менен резиденцияда үй камагында олтурат, башка жакка камабайбыз деп айткам. Экөө тең арабызда жүрөт, сурасаңар болот. Булар барып айтышкан. Бакиев “Бекназаров мени менен кимди кошуп сүйлөшөт экен?” деген. Мен Ошто жалгыз эле болгондуктан, сүйлөшсө айтсын, каалаган адамды кошомун деп айтып, сүйлөшүүнүн экинчи раунду болгуча, аны Отунбаева Жалал-Абаддан учуруп жиберди. 2005-жылы башкы прокурор болуп турганымда Танаевди Канттан качып кетип жаткан жеринен кармаганбыз. 3 күндөн кийин аны үй камагына чыгаргам. Бул менин Атамбаевге эле болгон позициям эмес, илгертен келе жаткан позициям. 2010-жылы деле тергөө менен кызматташам дегендердин көбүн камаган эмеспиз.

--Ушул сунушуңузду айтканда Текебаевдин позициясы кандай болду?

--Текебаев анча реакция билдирген жок. Өзүм сөзүмдүн башында силерге, ал тургай коомчулукка бул сунушум жакпайт, жакпаса дагы мамлекет башчысынын алдында ушул оюмду айтайын деп айттым. Бул курултайчыларга дагы жакпайт. Анткени, өзүбүз Атамбаевди жоопкерчиликке тартылсын, бийликти узурпация кылды деп чечим кабыл алганбыз. Мен ал позициядан кайткан жокмун. Камактын түрүн гана айттым. Муну коомчулук туура түшүнүшү керек.

--Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келгенден кийин бир топ саясатчылар менен сүйлөшүптүр. Ага далил Феликс Кулов ал киши менен сүйлөшкөнүн айтып берди. Бабанов менен сүйлөшүп көрдүңүзбү?

--Бабанов мага бөлөк-бөтөн киши эмес. Ал менин баламдын өкүл атасы. Биз тууганбыз, жакшылык-жамандыкта катышып жүргөнбүз. Саясатта ар кандай көз караш. Бирок, адам катары саясаттан башка дагы ар кандай байланыштар болот да. Ооба, Бабанов мени менен байланышка чыгууга аракет кылды. Мен дагы мурда аракет кылгам. Бирок, экөөбүз жолуга элекпиз.

--Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү президент менен жолукканда “Бабановго тийбей эле койбойсузбу, ал саясатка аралашпайм деп жатат” деген сунуш дагы айтылыптыр. Бул сунуш кимден чыкты? Президент бул сунушка кандай реакция жасады?

--Ал жерде 20дан ашык адам олтурган. Көп нерсени коомчулукка чыгарып жиберишпедиби. Сен ушул жолугушуу тууралуу маек бериңиз деп суранганыңда дагы сүйлөшүү болгон, ачыкка чыгара албайм деп болбой койгом. Бирок, баары ачыкка чыгып кеткен соң, айтып жатам. Бабановдун Маселесин Абдыганы Эркебаев көтөргөн. “Урматтуу президент, Бабановдун салам-дубайын айтып коёюн. Мен саясаттан кетем, бизнесимди эле кылам дегендей оюн айтты” дегенде, президент “Азыркы бийлик Бабановго эч кандай жамандык ойлогон жокпуз. Козголгон иштер Атамбаевдин убагында, андан мурунку кездегилер экен. Эски көп иштери бар экен. Салык иштерин гана текшерип жатабыз деп мага маалымат беришти. Биздин учурда башка иш козголгон жок” дегендей айтты.

--Бабанов биринчи жолу кайтып келем деп билдиргенде, УКМК мыйзам чегинде жооп берет деп айткан. Ал киши келмек түгүл, кайра Москвага учуп барып келди. Мыйзам чегинде жооп берет деген орган позициясын өзгөрттү. Саясий соодалашуу дагы деле уланып жатабы?

--Кылмыш иш козголдубу аягына чыгарылышы керек. Анын мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөтү бар. Бир жылга чейин бүтүп, сотко кетиши зарыл. Эгер ал качып кетсе издөө жарыяланат, ооруп калса ооруганына байланыштуу деп токтотулат, сыртта жүргөнү менен дареги белгилүү болсо сырттан соттошу керек. Башка жол жок. УКМК азыр Бабановду эмес, башка патриот-мекенчил “Жерүй” алтынында элдин үлүшү аныкталыш керек деген жаштарды Бабанов менен бирге куугунтуктап жүрүшөт. Аларың Бабанов, Бажаевдер менен бир. Саясатчыларга, депутаттарга кылмыш иш козгойт дагы “кручокко” илип коюп, дүжүр кылып алышат.

Бул Бакиевдин учурунда башталып, Атамбаевдин тушунда катуу өнөкөткө айланды. Азыр да парламентте Акаевдин мезгилинен бери дүжүр болуп келаткан 5-6 депутат олтурат. Алардын сотко өтсө жооп бере турган даяр кылмыш иштери бар. Алар жаңы келген президенттин колтугуна кире качышат. Топчуке парламентте 23 депутаттын кылмыш иши бар экен деп айтты. Мындан башка саясатчылар дагы бар. Ошолордун ишин сотко өткөр, өткөрө албайсыңбы кыскарт, кечирим сура. Биз саясий сойкуларды, кошоматчыларды ушундай жол менен жаратып жатабыз. Алар үр десе үрөт, кыйкыр десе кыйкырат, жат десе жатып берет.

--Сиз башында турган мекенчилер “Жерүй” маселесин көтөрүп, мында Бабановдун дагы тийешеси бар, жооп бериш керек деген позицияны карманып жатасыңар. Бабанов алтын чыры боюнча жооп бериш керек деген позициядан кайтпайсыңарбы?

--Сенин жаныңда олтуруп, кезектеги китебимди жазып жатпаймбы. Ошол жерде биздин кен байлыктар кантип чет элдиктерге таркатылганы тууралуу парламенттеги жыйындын стенограммасын берейин. Кыргыз эли кантип “Кумтөр”, “Жерүй” жана башка кендерибиз чет өлкөлүктөргө таркатылганын билсин. Документтер бул суроого жооп берсин:

“… 1992-жыл 11-декабрь 12-чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйыны. Күн тартибинде: “КР 1993-жылга карата экономикалык болжолдуу багыттар жөнүндө”- маселе. Баяндамачы КР премьер-министри Турсунбек Чынгышев:

“… Кыргызстандын алтын байлыктарын тез иштетип чыгуу боюнча программа ушул жылдын башында бекитилген: Алтын фондусун түзүү… таяна турган нерсебиз бул алтын… Чет элдик инвесторлор менен алтын кендерибизди иштетүү… Сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк… Натыйжада “Сиабеко-Кыргызстан” деген компания менен Макмал боюнча контракт түздүк…

Экинчиси “Морион Друсли” деген Америкалык компания менен “Жерүй алтын кенин” иштетүү боюнча меморандумга кол койдук…

Үчүнчүсү “Хампо Хам Майнинг”Америка компаниясы менен Чаткал кендерин биргелешип иштетүү боюнча контракт түзүлдү… 

Чаткалдын алтыны протоколдук деңгээлде 95-жылы алына баштайт…”

“Төртүнчү “Юнайтед Мейн” Америкалык корпорация менен “Солтон Сары” алтын кенин биргелешип иштетүү боюнча контракт түзүлдү…

Бешинчи Талды-Булак алтын кени боюнча ар кандай сунуштар болуп жатат. Бирок биз өзүбүз эле “Южполиметал” деген уюмга берсекпи деп жатабыз… аны өзүбүз иштетебиз бизге бергиле деп жатат…

“Кумтөр” алтын кени СССР мезгилинде эле 3-орунду ээлеген эң чоң кен. “Кумтөр” боюнча конкурстук түрдө 7 компания менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Хьюман, Морисон, Камеко үчөө окшош сунуш беришти… Өкмөттүн заседаниесинде, Президенттин алдындагы юстициялык комиссияда каралып, азыр бир бүтүмгө келип отурабыз… Биз Камеко менен 4.12.1992-ж. “Кумтөр” алтын кенин иштетүү боюнча келишим түздүк. Мындай деген шарттар коюлду. Продукциянын үчтөн экиси Кыргызстанга, үчтөн бири компанияга калат. (Ачыгында андай эмес,  А.Б.) Проектини аткаруу үчүн финансы каражаттар толугу менен фирма тарабынан каржыланат. Бир тыйын да республикадан кетпейт, анын ичинде 45 млн доллар кайра кайрылбаган шарттар менен сарп кылынат… алдын ала эсептөөлөр боюнча 250 млн доллар объектинин баасы…

Үч жылдын ичинде … бир жылда 16,5 тонна алтын чыга баштайт… алтындын бир тобу сарп кылынган акчаларга кетет, алардан кутулгандан кийин көпчүлүгү өзүбүзгө түшө баштайт… Проектинин аткарылышы 9 кишиден турган, биргелешкен ишкананын директорлор совети тарабынан жетектелет. Анын 6сы биздин Өкмөт тарабынан дайындалат. Ысык-Көл регионунун кызыкчылыгы үчүн 1 млн доллар 1-салым катары областык бюджетке берилет…

Андан кийин түшкөн пайданын биринчи 4 жылда 2%, андан кийинки жылдарда 4% кошумча салык түшөт…

Сиздер билесиздер азыр Макмалдан өндүрүлгөн алтыныбызды… Швейцарияга жиберип ошол жактан заводдон иштетип… слиток кылып туруп ошол Швейцария банкына салып жатабыз… Ушул декабрь айынан баштап Швейцарияга кетпейт өзүбүздөн чыгат… “Кумтөрдүн” алтыны 100% ушул бизде иштелип чыгат, тигилердин үчтөн бир үлүшүн да өзүбүз сатабыз… Камеконун 48% акциясы Канада Өкмөтүнүкү… ушундай ишенимдүү компания… абдан авторитеттүү, солидный,, высокопрофессианальный, анан мунун өзүнүн акчасы бар экен. Ары бери акча издебей эле, өз акчасына иштетет экен…

Президент Аскар Акаев: ”… Түзүлгөн келишим абдан жакшы келишим… Мына Т. Чынгышев айтпадыбы бул келечекке курулган келишим… Булардын өздөрүнүн алтын заводдору бар. Алтын алып жүргөн адамдар…

Мына ушинтип чет элдиктерге таркатылган алтын кендерибизди, ошол чет элдик фирмалар колдон-колго ушул күнгө чейин сатып жүрүшөт. Бир да кенде кыргыз элинин үлүшү жок. Өкмөттү болсо “коркутуп” алышкан, “эл аралык сотко беребиз” деп. Биздин бийлик алда качан алардын өздөрүн сотко берсе болмок, элди ойлосо. Бирок, 27 жылдан бери бийлигибиз аларды сотко бергендин ордуна алтын маселесин көтөргөндөрдү соттоп келет. Эртең биз курултайчылар камалып калсак таң калбай эле койгула. “Жерүй” маселесинде азыркы бийлик менен Бабанов, Бажаевдер бир экени билинип жатат. Биздин Конституцияда “Мамлекеттик бийлик элдин кызыкчылыгында бийлик жүргүзөт” десе, “Кен байлыктар элдин кызыкчылыгында иштетилет” деп бекитилген. Биздин бийлик чет элдик инвесторлор, аларды тапкан Б. Бирштейн, Бажаевдер үчүн иштейт. Болбосо, ар бир кенде Кыргызстандын элинин үлүшү аныкталыш керек деген кылмышпы? Мына сен айткан УКМК А.Бузурманкуловду ошон үчүн күнүнө чакырып жүрөт. Ал эми Акаев, Чынгышев, Данаев, Бакиев, Чудинов, Үсөнов, Атамбаев, Бабанов жана башкалар жөнүндө алардын иши да жок. Эсибизде, УКМКнын мурдагы төрагасы Б. Табалдиев өз кабинетинен мурдагы чекист Мусаевди Атамбаевдин өкүлү деп айтканы. Бул эмнеден кабар берет?

Менин маалымат жыйынымдан кийин орус тилдүү гезиттер, сайттар мен жөнүндө ырдай баштады. Артымда ким турат белгилүү да. Эми мындан ары президент мени менен жолукпай коюшу мүмкүн!, деген Азимбек Бекназаров "Жаңы Ордо" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости