www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооба, айланага бир көз чаптырганча 5 жыл зуулдап өтүп, пахтакорлордон топтолчу партиялык олигархтардын уюму болгон, ПАРЛАМЕНТ деген аты бар заты жок, пахтаны теришти билбесе да койгонду жакшы өздөштүргөндөрдүн шайлоосу жакындап калды.

Айылда “аа, биздин сезон жакындап калды, жакында шайлоо болот, келечегиңди урдум балам, элди сатабы, жерди сатабы, мага айырмасы жок, бирок сезондо иштеп калайын”, -деп Абдикарим менен Жусу жүрөт. Аларга эмне, акыркы 28 жылдан бери келе жаткан жасакерлик иши да.

Мекендин бүгүн-эртеңкисин ойлогон, кара күчкө толгон, акыл эси бардын баары талаада миграцияда жүрөт, алыста туруп айкырасыңбы, суранасыңбы, же кайсы бир социалдык тармактан талкуулайсыңбы айырмасы жок, “ооба, сеники туура” деп туруп өзүнө керектүү, ыңгайлуу мыйзамды жазып отура берет.

Партиялык квота менен парламентке ким барат?

Акылы мыйзам жазганы болбосо да, айылдарды сатып алганга акчасы бар, анча-мынчасы жакпаса да айга теңеп сүйлөп туруп, жумшак коерго пахтасы бар адамдар барат.

Биз менен ким эсептешет? (Мигранттар)

Эч ким эсептешпейт, мигранттарды мыйзамдуу жол менен өз укугубуздан ажыратып койгон, оозуңу ачсаң эле айтат, “эй, мигрант, сен биометрикалык данныйыңды тапшырбапсың, консулдук учётко турбапсың жана башка деп.

Мамлекеттин бүгүнкүсү менен эртеңкисине кайдыгер эмес миллиондон ашык чыныгы мекен тагдырын ойлогон жарандар мыйзамсыз жол менен укугунан ажыратылган. Бул көрүнүшкө ким күнөөлүү? 5 чакырылыштын Жепутаттарыбы? Же кече күнү ханга салам бербеген Атамбаевдин командасыбы? Же бүгүнкү Абылгазиевдин өкмөтү менен, “ооба, майлы” деген пахтокор парламентпи? Кыскасы күнөөлүүнү караңгыда эмес, күн чыгып турганда таппашыбыз анык.

Парламентке буйруса акчасы барлар менен пахтасы барлар барат, билими барлар менен илими барлар көөдөнү сокур элге кайгырып как всегда кала берет каңкайып.

Келечегибиз көз көрүнөө жок, коррупционерлерди сүйгөн эл болдук, жаштарыбыз миңдеп, жүз миңдеп Орусия сыяктуу өлкөлөргө чыгып кетип отурукташууда, мамлекет көз көрүнөө жоголуп баратат.

Чыңгыз Ысманов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости