www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын атактуу инсаны Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова 2010-жылы “Ата Мекен” фракциясынан депутат болуп келип кыргыз калкына таанылган. 

Жогорку Кеңешке депутат болуп келгени кандайдыр бир маанилүү маселе көтөрүп чыгып, жыргатып жибербеген. 

Акыркы күндөрү кимдин буйругу менен экени белгисиз, Райым Матраимовго жөнү жок асылып,  ыксыз каралоо жолуна түштү. Алсак, анын буга чейинки Матраимовду каралоосуна эл ишенгенсип жатса, жакында эле Ширин Айтматованын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу аялдык аруузатына түкүргөн жорукка барган. Ал трафарет менен Райым Матраимовдун сүрөтүн тарттырып, "дизайн стен туалета в кофейне (уже совсем скоро ремонт закончим)" деп жазып, күлгөн смайликти жабыштырып койгон.

Бул кылыгы менен Ширин айым кандай кадамга барды, кандайча? - деген суроо жаралат. Ширин Айтматова аттуу-баштуу айымдын кызы болсо, каада-салт бул жакта турсун, "атамдын кадыр-баркына шек келтирип койбоймунбу?" деп ойлоду бекен. Же Матраимовго болгон "сүйүүсү" ушунчалык күчпү?..

Албетте, Ширин Айтматованын акыркы Матраимовго жасаган кадамы социалдык тармакта катуу талкуу жаратты. 

Кантсе дагы Ширин Айтматова бул жоругу менен элди жийиркентип алды. Баса, ал буга чейин Канат Исаевге да сүйкөнүп келген эле. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости