www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катуу карганткан Бабанов каякта?

Мандат деген момпосуйдан да ширин турбайбы? Мунун аныгына парламенттик шайлоодон кийин жеткенбиз.  Депутаттык мандатка жетпей калгандар зар какшап чыкпаса жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак. Ошол кезде доллары миңдеп талаага кетип жатканына ичи туз куйгандай ачышып далай талапкерлер чуулдап эле жатып калышты. Дагы жакшы А.Исмаилова, А.Абжалиев, Р.Туманбаева жана башкалар титиреңдеше тирешип отуруп Ө.Бабановдун азуусун “сындырышты”. Айыгышкан кармаштан кийин гана булар мандатын бек кучактап жатып калышты.  Жер солкулдап кетти го булар сүйүнгөндө...

Чынында эле “Республиканын” карманган анты абдан катуу болгонун каармандар өзү айтпаса анын жазылган текстинин “баалуулугун” эч ким билбей калмак.  Баламдын күнүн көрбөй калайын деп карганган депутаттар азыр эч нерсени туйбагандай каш керип төрдө отурушат. Деги ушул өзгөчө текстти кайсыл сөзмөр жазганын билүүгө убакыт келгендей.  Автору Болотканов болчу дегендер да толук кандуу кеп узатпай жатканы кабатырлантат. Алардын оттой жанган демилгесинен деле учурда оңдуу кабар жок. Болгону лидеринен кутулганына кубанып  жай турмушун өткөрүп жатканы маалым.

Өпкөсү чарадай болгон Бабанов болсо “жер төлөгө” кирип чыкпай жатканы эмнеге байланыштуу экенин жамы журт билет.  Баягыл вулкандай болуп атылып чыккан (Өмүкеге арналган)  ырлар болсо “алтын фондго” түшпөй калды. Кызык, кези келгенде бул фракция коалицияга кирип кетери желдей тароодо. Башы жок фракцияны кубаттуулар кол жоолуктай кылып сүйрөйт турбайбы. Эмнеси болсо да парламентте шоулар көп.

Булак: “Ачык сөз”

Последние новости