www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катуу селден улам 14 адам көз жумду

Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында катуу жамгырдан кийинки сел кеминде 14 адамдын өмүрүн жалмады. Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Жаилани Фархад 4-майда билдиргендей, бир күн мурда Адраскан районун каптаган селден каза болгондордун арасында төрт өспүрүм бар. Каза тапкан эки кишинин тек-жайы аныкталбай жатат.

Гераттагы башка эки райондо да сел жүргөнү кабарланганы менен андан кандай зыян келгени айтыла элек. Соңку эки күн ичинде провинциянын көпчүлүк аймактарында катуу жамгыр жааган.

Ооганстандын аймактарында маал-маалы менен сезондук суу каптоо катталып турат. Анын кесепетинен турак жайлар, айдоо аянттары жана коомдук инфраструктурага зыян келген учурлар көп болот.

Былтыр август айында Ооганстандын 13 провинциясындагы катуу нөшөрдөн кийинки селден 150дөн ашуун адам каза тапкан.

2019-жылдагы суу каптоо Ооганстанда 180 миңдей адамдын турмуш-тиричилигине кедергисин тийгизип, 10 миңдей турак жайды кыйраткан.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости