www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиевдин чыгымдардын ордун толтурууну талап кылбайбыз дегенин сындаганга шашылбай туруу керек. Мындай пикирди акыйкатчы, экс-вице-премьер-министр, Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Токон Мамытов айрым маалымат булактарына билдирген. 

--“Камчыбек Ташиевдин чыгымдардын ордун толтурууну талап кылбайбыз дегенин сындаганга шашылбай туруу керек. Ал жерде кандай сүйлөшүү болду, азырынча ачыктала элек. Мен ойлойм ал киши жөндөн жөн эле антип айтмак эмес. Экинчиден эл аралык сотко берсек да, башка териштирүүлөр болсо деле кыргыз тараптын чыгымдарды талап кылбаганы мааниге ээ болбойт. Эл аралык сот өзү эле чыгым келтирипсиң төлөп бер деп чечим чыгарып берет. Негизгиси далилдерди чогултуп, документтештирип берүү зарыл”, - дейт Мамытов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости