www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдөгү балдар үйүнөн качып кеткен жаш бала изделүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Вадим Колесник изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

Баланын бою 145 сантиметр, арыкчырай, чачы кара, кой көздүү.

"Дайынсыз жоголгон 2006-жылкы Колесник Вадим Александрович изделип жатат. Ал 31-март күнү Военно-Антоновкада жайгашкан балдар үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес", — дешти ИИБден.

Милициянын маалыматына караганда, өспүрүм буга чейин бир нече жолу балдар үйүнөн качкан. Акыркы ирет ал 2020-жылдын декабрь айында табылып балдар үйүнүн өкүлдөрүнө берилген.

"Өспүрүм Бишкекте кайырчылык кылып жүрөт деген маалыматтар бар", — дешти ИИББден.

Баланы көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарласа болот:

(0312) 43-01-27,

(0312) 43-88-85; (0312) 60-75-67; 0558 86 14 86,0701 80 18 03.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости