www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздар эң узакка 41 жыл Конституция күнүн 5-декабрда белгилешкен. Андан соң 28 жыл 5-майда белгилеп келатышат. Эң аз 18 жыл 7-октябрды белгилеп калышты. Азыр улам жаңы Конституциялар кабыл алынып жатат. Кокустан, совет бийлиги убагындай жаңы Конституция кабыл алынган күн Конституция күнү катары майрамдала берсе: 11-апрель, 27-июнь, 30-декабрь, 8-ноябрь, 19-сентябрь деп бул күндү майрамдай берип баш адашмак:
1. Ак падыша Николайдын Конституциясы; 1906-жылы Мамдума спикери граф Сольский кол койгон, Ак падыша Николай экинчи аргасыздан кабыл алган. Кийин жокко чыгарылган.
2. Владимир Лениндин Конституциясы; 1918-жылы 10-июлда Бүткүл россиялык сьезд бекиткен.
3. Иосиф Сталиндин Конституциясы; 1936-жылы 5-декабрда Бүткүл союздук Советтердин сьезди бекиткен. Эң узак 41 жыл пайдаланганбыз.
4. Леонид Брежневдин Конституциясы; 1977-жылы 7-октябрда СССРдин Жогорку Совети бекиткен.
5. Акаевдин Конституциясы; Элдин оюу эске алынбай 1993-жылдын 5-майында легендарлуу Жогорку Кеңеш бекиткен. 1994-жылдын 30-июнунда, 1996-жылдын 10-февралында, 1998-жылдын 17-октябрында, 2003-жылдын 2-февралында референдум аркылуу өзгөрүп отуруп тарпы калбай калган.
6. «Реформа үчүн» кыймылынын Конституциясы; Элдин оюу эске алынбай 2006-жылдын 8-ноябрында Жогорку Кеңеш бекиткен. Эң кыска 51 күн пайдаландык.
7. Данияр Нарымбаевдин Конституциясы; Элдин оюу эске алынбай 2006-жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңеш бекиткен.
8. Чолпон Баекованын Конституциясы; 2007-жылдын 19-сентябрында референдум аркылуу кабыл алынган.
9. Текебаевдин Конституциясы; 2010-жылдын 27-июнунда референдум аркылуу кабыл алынган. 2016-жылы 16-декабрда Атамбаевдик бийлик тарабынан референдум аркылуу өзгөргөн.
1о. Садыр Жапаровдун Конституциясы: 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынды.
Текебаевдин Конституциясын 10 жыл боюу же 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөрткөнгө болбойт эле. Бирок, мындай мыйзамды уруп ойнобогон президент Атамбаев 2016-жылы 16-декабрда Конституцияга өзгөртүү кийирет. Ал каршы чыккан журналисттерди жазалоо, камоо максатында азыркы Конституцияда жалган маалымат жазгандыгы үчүн адамды жазык жоопкерчилигине тартуу мүмкүндүгүн кийирген. Журналисттерди каралоо, камоо иштери кызуу ишке кирген. Албетте, мындай берене же журналисттерди камоо, эркин маалыматтардын оозун тыя алган жок. Ошол эле Конституциянын автору Өмүрбек Текебаев 7 жылга камакка алынып, аны колдогондор жоопкерчилик тарта баштаган. Мындай жазалоо ыкмасы жана кысым көрсөтүү менен эки колун байлап койгон күндө да журналисттер акыйкатты айтып турушту. Жаңы Конституцияда мындай чара алынып салынган. Ошондой эле сөз эркиндигинин кепилдиги, жарандардын жеке маалыматтарын коргоо жана мектепке чейинки билим берүү кепилдигин камсыздоо мурдагыдан жакшыраак жазылган...
Азыркы жаңы Конституция колдоого алынды, 2023-жылдан тарта эң төмөнкү пенсия жана пособие 5000 сомдон кем болбойт. Референдумга сунушталган Баш мыйзамдын 44-беренесинин 2-бөлүмүндө "Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш" деп жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери белгиленген.
Демек, Конституция кабыл алынса, 2023-жылы жашоо минимуму канча деп белгиленсе, мамлекет жарандарга андан кем эмес пенсия, пособие берүүгө милдеттендирилет. 2020-жылы Кыргызстанда жашоо минимуму 5359 сомду түздү. Ал эми пенсионерлердики 4785 сом, 17 жашка чейинки балдардыкы 4015 сомдон 5139 сомго чейин. Бул ушунча каражат менен бир адам бир ай жанын бага алат дегенди түшүндүрөт.
2020-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 2020-жылдын 20-ноябрда Баш мыйзамдын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Кеңешменин курамына 90 адам киргизилген. Алар илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер эле. Бекбосун Бөрүбашев Конституциялык кеңешменин төрагасы, Канат Керезбеков менен Осмон Тогусаков орун басары болгон. Беш күндөн кийин үй-бүлөлүк шартына байланыштуу деп Керезбеков курамдан чыгарылып, кайра 10 адам кошулган. Ошентип 100гө чукул адам башкы документти жазууга киришкен.
2021-жылдын 10-январында референдум өтүп, президенттик башкарууну тандагандар утуп чыкты. Добуш берүүгө 1 миллион 401 миң 450 киши катышып, жалпы шайлоочулардын 39,33 пайызын түздү. Анын ичинен 81,5 пайызы президенттик башкаруу формасын тандады.
2020-жылдын 3-декабрда "Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу" мыйзам долбоору парламентте каралган. Элге "президенттик же парламенттик башкарууну каалайсызбы?" деген суроо коюлган. Аталган мыйзам долбоорун депутаттар үч окуудан колдоп берген. Бийлик "алгач башкаруу формасын аныктап алып, анан элдин тандоосуна жараша Баш мыйзам жазуу керек" деген позициясын билдирген. Натыйжада президенттик шайлоо менен бирге референдум өтө турган болуп, шайлоочулардын 81,5 пайызы президенттик башкаруу формасын тандады.
Европа кеңешиндеги консультативдик орган эсептелген Венеция комиссиясы Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жылдырылышы боюнча чукул корутундусун чыгарган. Анда мөөнөтү бүтүп, ыйгарым укуктары токтогон парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаларды жүргүзө албастыгы белгиленген. Жалпылап айтканда ЖК оюн эрежесин өзгөрттү деп кабатырланган. Өлкөнүн кээ бир юристтери да мөөнөтү бүткөн, жарым жан Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүүгө укугу жок экенин айтып келе жатышат. Ошондой эле долбоордо бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталбай калганы боюнча коңгуроо кагылууда.
Референдумдан кийин Конституциялык кеңешме ишин жандантып, 27-январда миссиясын жыйынтыктады. Долбоор 3-мартта Жогорку Кеңешке келип түштү. Бирок коомдук талкууга чыккан жок, муну анын лингивистикалык экспертизадан өтүп жатканы менен түшүндүрүштү. Акыры 9-февралда Баш мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Ал эми 17-февралда демилгечи депутаттар менен Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуу өткөргөн. Бул күнү жаңы жагдайлар чыкты.
2-мартта долбоорду Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет карады. Анда көп талкуу болгон жок, төрт-беш депутат гана суроо берүү менен чектелип, жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти. 3-мартта парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды. Анда депутаттар жаңы Баш мыйзамдын долбоорунун мүчүлүштүктөрүн айтып, оңдоону талап кылышкан. Бирок төрага Талант Мамытов долбоор талкууга жатпай турганын кайра-кайра эскертти. Натыйжада референдум өткөрүүгө эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, тогузу каршы чыкты.
10-март күнү долбоор экинчи окууда каралды. Жыйын башталып, күн тартиби бекитилип бир мыйзам каралгандан кийин эл өкүлү Бактыбек Турусбеков чыгып, Референдум дайындоо мыйзамын күн тартибине киргизүүнү сунуштап, добуш берүү менен чечилди. Талаш-тартыштан кийин добуш берүү башталды. Бирок ал күнү каралган башка мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, референдум дайындоону кийинкиге калтырышты. Референдум өткөрүү мыйзамына кеминде 80 депутат макулдук бериши керек Аталган мыйзам долбоору 11-мартта экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюлду. Жыйынтыгында 94 депутат "макул", алтоо "каршы" добуш берген. Алар: Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталия Никитенко, Чынара Урумкалиева, Бактыбек Жетигенов. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде бул Конституция элдин колдоосуна ээ болду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg