www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катуу шамалдан адамдар каза болууда

Кечээ Москвада карандай катуу шамалдан 11 киши каза болуп, элүүдөн ашууну жараат алды. Кечээ кечинде Казакстандын Тараз шаарында катуу шамалдан эки адам көз жумган. Алар имараттын чатырын жаап жүргөн кишилер болгон экен. Катуу бороон аларды шифер менен кошо учуруп кеткен. Тилекке каршы, экөө тең ошол замат жан берген.
Биздин Кыргызстанда аба ырайы 31-майга чейин туруксуз болуп, айрым бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетерин ӨКМнин өкүлдөрү күнүгө билдирүүдө. Мына дагы кечээ, Бишкекте, күчү секундуна 28 метрге чейин шамал согуп, чатырларды учуруп, дарактарды кулатып кеткенин билдиришти. Кудай жалгап, кырсык катталган эмес. Аба ырайын угуп, окуп, сак бололу, туугандар!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости