www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Коджаэли провинциясында Жохар Дудаев атындагы сейил багы ачылды. Буга тиштенген Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Түркиянын президенти Режеп Эрдоганга же террористтерди колдоңуз же Орусияны колдоп жакшы мамиледе болуңуз деп тике качырды. Чеченстан да буга жооп кылып Күрдстан жумушчу партиясын түзүп Түркиянын түрмөсүндө жаткан Абдулла Оджаландын атын түбөлүккө калтырат деп Эрдоганды коркутту. Бул тууралуу Haber7 порталы билдирди.
Haber7 Кадыровду  «Путиндин марионеткасы», ал эми Дудаев «легендарлуу лидер» болгон деп эсептеген окурмандын комментарийин мисал келтирет.Түрктүн бийликчил ММКлары «Эхо Москванын» айтуусунда Кадыровдун түрк күрддөрүнүн лидерине эстелик орнотобуз дегенди өтө негативдүү кабыл алышты.

 Чеченстандын биринчи президенти Жохар Дудаев Орусиядан бөлүнөбүз деп орус-чечен согушу чыккан. Армяндардан тараган чечендердин экс-президенти Жохар Дудаев : «Кавказда чечендер шок (дерзкий) эл болсо, Борбор Азияда кыргыздар шок эл» дегени бар. Жохар Дудаев 1991-жылы Чеченстанга президент болуп, 1995-жылы Орусиядан бөлүнөм деп жүрүп жок кылынган. Эгер Кыргызстанда болуп жаткан бийлик алмаштырууларды көрсө, Дудаев дагы эмне дейт эле? Чечендердин бир республика болуп биригишине армян Анастас Микояндын эмгеги чоң. Ал 1920-жылдары Сунжен казак округун кошуп чечендерге зор республика түзүүгө түрткү болгон.  Улуу Ата мекендик согуш учурунда чечендер гитлердик армияны нан, туз менен тосуп алып, Сталиндин каарына калган.

Сталин чечен элин эмнеге репрессия кылган? Сталин 1944-жылы чечен элин репрессия кылып, бир түндө бүт чечен элин поюзга жүктөп, Казакстан менен Борбор Азияга чачып жиберет. Ачкачылыктан, салтты катуу сактагандыктан, аксакалдардын көзүнчө заара ушаткандан уялышып далай кыз-келиндер жан-таслим болушкан.  Ушундай алааматка Сталиндин оң колу эсептелген Анастас Микоян да жардам бере алган эмес, анткени, анын өзүнүн башына мүшкүл түшүп, армян менен чечен бир эл экенинен улам атылып да кетмек. Чечендер Кыргызстанга да келген. Ушундай даңазалуу чечендин бири Махмуд Эсембаев. Бул бий өнөрү менен ааламдын оозун ачкан. Махмуд Эсембаев айткан: «Менин эки бөйрөгүм бар сыяктуу, эки мекеним бар. Бири - Кыргызстан, бири-Чеченстан» -деп. Чечендер, балкарлар, ингуштар, карачайлар  Хрущевдин заманында өз мекенине кайта баштайт, ал эми кайра куруу заманында биротоло кетип бүтүшөт. Токмок шаарында туулган дагы бир чечен «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев тууралуу кептин аягы бүтпөй келатат. Акаевдин заманы учурунда чечендердин мафиясы Кыргызстанды каптап кеткен. Ар бир баш көтөргөн кыргызстандыктарды чечендер жанчып турган. Ушундай мезгилде чечендерге каршы «авторитет» Рыспек Акматбаев чыгат.  Акматбаевдин криминалдык топтору менен Азиз Батукаевдин криминалдык топтору ортосунда кандуу кармаштар болуп турган.  Азиз Батукаевдин криминалдык топтору Рысбек Акматбаевдин бир тууганы парламент депутаты Тынчтык Акматбаевдин өлүмүнө себеп болот. Көп өтпөй Рысбек Акматбаев да мечиттен чыгып келатып ажалга туш болот.

Чечендер армяндардан тараганбы? Жохар Дудаев 1991-жылы Чеченстанга президент болот. Ал башкы максаты катары Орусиядан бөлүнүүнү койгон. Кыргыздар менен жакшы мамиледе болгон, ошондуктан ал «Кавказда чечендер шок эл болсо, Борбор Азияда кыргыздар шок эл» -деген. 1992-жылы  чечен талаа командири Шамил Басаев Карабахка мусулман азербайжан элинин тарабында согушка кирет. Армяндар ошондо айткан экен: «Кавказдын түпкү эли, бир тууганы кавказдын түпкү элине каршы согушпайт» -деп. Ушул сөздү уккан Шамил Басаев жоочулары менен кетип калган дешет.

Чечендер жана армяндар өздөрүн  кавказдын түпкү эли катары санашат. Ал эми түрк тилдүү азербайжандарды көчүп келгендер катары эсептешет. Чечендер тууралуу жетинчи кылымда армян окумуштуусу географиялык эмгегинде  жазган экен. Дагы бир айтылган версия боюнча индоевропалык  армяндар биздин заманга чейин миң жыл мурун чечендер менен аргындашып мурдулары коңкоюп калган. Чечендер Түндүк Кавказга жылып кетишкен, бул эки тилдин ортосунда да окшоштуктар көп. Нахичеван –нахтардын жери дегенди билдирет, «нах» деген чечен тилинде эл деген сөз.

Жыйырманчы кылымдын башында Чеченстандын борбору Грозныйда армяндардын өзүнчө тобу бар экен. Бул шаарда армяндардын мектеби, дүкөндөрү, устаканалары болгон, ал эмес армян театрларында армян тилинде спектаклдерди көрсөтүп турган. Эски сүрөттөрдө армян чиркөөлөрү болгонун, аны 1930-жылдары сталиндик баш кесерлер жок кылганын билүүгө болот. Көпчүлүк Чеченстандагы армяндар 90-жылдары бул жерлерди таштап, өз мекенине кетишкен.

1942-жылы Чеченстанга кирип келген немецтерди тосуп калууда көптөгөн армяндар баатырларча курман болгон. Аларга арналган эстеликтер да сакталууда. Балким ушундан улам Сталин Микоянды 1944-жылы кечирип, бирок чечен элин кечирбей, бүтүндөй бир элди репрессиялап көчүрүп жиберген.

Чечендерде аялын жеке менчиги катары көрөт. Акыркы маалыматтарга таянсак Түндүк Кавказда бир –эки жылда 39 орус өлтүрүлгөн. Бекер жеринен Чеченстандын экс -президенти Жохар Дудаев «Кавказда чечендер «дерзкий»  эл болсо, Борбор Азияда кыргыздар «дерзкий»  эл» -деген эмес. Чечендер «дерзкий»  эл, орустар сыяктуу көптөгөн башка эл чечендердин кур намысына тийишип курман болуп жатышат. Криминалдык дүйнөдө чакан чечен элинин «авториттери» жер жайнаган орус элинин «авторитеттерине» тете. Чечен элинин адаты боюнча кыздар эркектерге кызыкчылык түшүрбөш керек. Кыздар батыш өлкөлөрү таңуулап жаткандай жигиттерге сөз айтуу чоң күнөө эсептелет. Фейсбукта да кыздарга катуу тыюу салынат. Ал эмес эркектердин кыздарга «поцелуйчиктерди» салганы адатка туура келбейт. Орустар үчүн муну түшүнүүгө оор, алар социалдык тармактарда эркин сүйлөшө берет. Чечендер үчүн кыздардын адаттан ашыкча кылганы, айрыкча көңүл ачкандары  күнөө саналат. Эгер кыздар күйөөгө тийгенден мурун эркектер менен кошулса бул чоң күнөө. Мындай күнөөлөр үчүн өз карындаштарын, эжелерин атып салгандар четинен табылат. Эгер орус сымал башка улуттун өкүлү менен мындай жорукка барса, бул үчүн ал кызды таап өлтүрүп коюшу да ыктымал. Ал эми аны менен кошулган адамды сөзсүз табышып,  мындайча айтканда башка чечендер мууздап кетет. Миңден бир кыз өлсө туура дешет чечендер, башкаларга сабак болот дешип.

Чечендерде аялын жеке менчиги катары көрөт. Эгер аялы менен ажыраша турган болсо, айрыкча аялы көңүл ачканды жакшы көргөндүктөн, ошол себептен ажырашса, балдарды эч качан аялдын колуна таштабайт. Чеченстанда аялзаты өтө корголгон. Эгер башка эле аялды таарынтып жатканын чечендер көрсө, мурдун талкалай коюшат. Чечендер эч качан кыздарын башка элге бербейт. Бул байыртан келаткан адат. Бирин-экин мусулман элине бериши мүмкүн, ал эми орустарга окшогон мусулман эместерге кызын берүүгө таптакыр тыюу салынган.

Чеченстанда күйөөлөрүнө хандарга кандай мамиле жасаса, ошондой мамиле кылышат. Аялды күйөөсүн сыйла деп сабашпайт, аялдар өздөрү сыйлашы керек. Эгерде аял күйөөсүн сыйлабаса бүт чечен эли намыстанат. Бала кезден эле чечен кыздарын ага –инилери катуу тарбиялай баштайт. Чечен кызы жазага татыктуу болсо, ата-энеси жазалабайт, ага-инилери жазалайт. Ошентип, чечен кыздары бала кезинен ага-инилеринен таяк жеп, көнүп калышат. Чеченстанда кыз  менен эркек урушуп кетсе, эркектер өздөрүн жогору сезип, ал эмес колун көтөрүп да жиберишет.

Чечендин аялы күйөөсүн сыйлабаса, ал тууралуу кайын-журтуна билдирип коюш керек. Кайын-журту анын жазыгын берет. Аял сойкулук кылган болсо, аны жазалабаса күйөөсү гана эмес аялдын бир туугандары, атасы шылдыңга кабылат.  Андай немени чечен өлтүрүп койсо адат боюнча күнөөлүү эмес. Төрт киши күбө болсо гана болгону. Эгер төрт киши сойкулук кылганга күбө болсо, аялын таш бараңга алып  өлтүрүп койобу же кубалап жибереби эркектин өз иши. Чечен кыздары тааныбаган машиналарга сойкулук аракет менен түшсө, кайсы чечен болсо  чачын кыркышып, тепкилеп, көзү-башын көгөртүп койсо көнүмүш нерсе, муну тарбиялык иш-чара деп эсептешет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости