www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Казакстанды

Орусия президенти Владимир Путин 23-декабрдагы маалымат жыйыны учурунда Казакстанды орус тилинде сүйлөгөн эл деп атады. Ал Казакстан Москванын эң жакын өнөктөштөрүнүн бири экенин айтып, орус тилин колдогону үчүн коңшу мамлекеттин бийлигине ыраазычылык билдирди.

– Бизде өтө терең гуманитардык байланыш бар. Орус тилин сактоого жана өнүктүрүүгө кылдат көңүл бөлгөнү үчүн Казакстан жетекчилигине ыраазычылык билдирем. Казакстанда канча киши орус тилин үйрөнүп жатканын өзүңөр билесиңер. Бул – сөздүн толук маанисинде орус тилинде сүйлөгөн эл. Орус тилинде окуткан мектептердин, жогорку окуу жайлардын филиалдарынын саны артууда, – деди Путин.

Казакстанда көп сандагы орус диаспорасы жашайт; орустар – Казакстанда саны боюнча экинчи этникалык топ (калктын 18 пайызын же 3,5 миллион кишини түзөт). Орустар көбүнчө түндүк, батыш жана чыгыш аймактарда жашайт.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин Казакстанда “украин сценарийи” кайталанбайбы деген кооптонуулар күчөгөн. Былтыр декабрда Мамдуманын бир нече депутаты Түндүк Казакстан Орусиянын белеги экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости