www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күнүнө 5000 доллар тапкан кафелерди эч ким текшере албайт. Мындай пикирин журналист Семетей Талас уулу өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Негизи Акылбек Жапаровдун ишкерлерди кассалык-көзөмөлдүк аппаратка өткөрүп, салык төлөтүү идеясы түбүндө туура болчу. Коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөш жүргөн ар цивилдүү өлкө үчүн абдан адилеттүү социалдык жыйым.

Аз тапкан аз төлөйт, көп тапкан көп төлөйт. Бирок, Кыргызстан атамекендик өндүрүштү колдобогон, азык-түлүктөн баштап, өндүрүш жабдыктарына чейин дээрлик сырттан сатып алган өлкө.

Анын үстүнө салык системасы ачык-айкын иштебейт. Кайсы компания ай сайын канча салык төлөп атканын эч ким билбейт. Экономиканын кыраркасы болгон алтын кендерден түшчү салыктар башка өлкөлөрдүкүнөн төмөн.

Энергетикада коррупция жоюлган жок, бажыдан түшчү салыктар деле Казакстандыкындай арзан төлөм менен түшкөн жок. Күнүнө 5000 доллар тапкан кафелерди эч ким текшере албайт. Кайсы олигархтын бизнеси канча салыкты жашырып жүргөнү боюнча маалыматтар деле чыкпайт.

Мына, ушунун баары Өкмөткө болгон ишенбестикти жаратат. Анан дагы азык-түлүккө болгон салыктын башкача механизмин карайлы, ЕАЭС боюнча продуктылар бизде эң кымбат болуп жатат десек деле, болбой эле, тырышкан табарсыктай болуп баарына бирдей ККМ колдонгула деп жатышат. Коррупцияга каршы реалдуу күрөш жүрбөгөнү үчүн эл бири-бирине атаандашып ККМ системасына каршы болуп жатышат», - деп белгилеген журналист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости