www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын Балкан облусунда коронавирустун тарашына каршы карантин чаралары күчөтүлү. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы менен маектешкен медицина кызматкеринин айтымында, буга Казакстандан келген түркмөн жарандарынан COVID-19дун “омикрон” түрүнүн табылышы себеп болду.

“Бекташ карантин зонасында Казакстандан келген төрт жараныбыздан COVID-19дун “омикрон” версиясы аныкталды”, - деди ал.

Дарыгер түркмөн-казак чек арасы эки апта мурун ачык болгонун жана Казакстанда калган түркмөн жарандарынын өлкөгө киришине уруксат берилгенин белгиледи. “Омикрон” штаммы табылгандан кийин чек ара жабылган.

21-декабрда Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов тиешелүү түзүм башчыларына өлкөгө “омикрондун” киришине жол бербөөнү тапшырган.

22-декабрдан баштап Түркмөнбашы шаарынан Ашхабадга жол алган жүргүнчүлөр COVID-19га карата дароо эки тест тапшырууга милдеттендирилди.

Жаңы талап боюнча тесттин мөөнөтү 24 сааттан ашпоосу керек. Ар бир тест 101 манат (29 доллар) турат.

Жаңы талаптардан кийин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын шаардык бөлүмдөрүндө узун кезектер пайда болууда.

Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «омикрон» штаммы Кыргызстанга январь айында келээрин болжогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости