www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 «Газпром» 2020-жылы Борбордук Азиядан 20 миллиарддан көбүрөөк кубометр газ алууну пландаштырып жатат. Миллердин айтуусу боюнча мындай өлчөмдөгү газды Орусия 2019-жылы сатып алган, ал эми 2021-жылы ушуга тете газды сатып алуу пландаштырылууда. Тактап айтканда 2019-жылы 19,3 миллиард кубометр газ алынса Казакстандан 12,6 млрд кубометр, Өзбекстандан -6,7 млрд кубометр алынган. Андан тышкары “Түркмөнгаз” менен жаңы контракттын негизинде 1, 155 млрд кубометр газ сатып алынган.

Газ “империясын” тейлеген Орусияга эмнеге АКШ каршы?

Орусиянын газы кенен, андан тышкары Борбордук Азиядан газды алып, Европага жөнөтөт. Союз убагында курулган газ куурларынын башкысы Украинаны аралап кетчү. Акыркы учурдагы Украина менен болгон араздашуулар “Нафтогаз” менен болгон мамилелини салкындаткан. 2019-жылдын аягында “Газпром” “Нафтогаз” менен беш жылга Европага газды алып чыгыш үчүн контракт түздү. Ошону менен катар Орусия Кара деңизде Түркия аркылуу тарала турган “Түштүк агым” газ куурун курса, Балтика деңизи аркылуу “Түндүк агым” газ куурларын куруп жатат. Ошолордун бири Германия аркылуу Европага тарай турган  “Түндүк агым-2” газ куурунун курулушуна АКШ асылып жатып курулушту токтотту. Европага кете турган газ куурларын Балтикада куруп жаткан швейцариялык компания АКШтын санкцияларынан улам ишмердүүлүгүн токтотту. Орусия президенти Владимир Путиндин айтуусунда Орусиянын бул долбоорду аяктоого күч-кубаты жетет. “Түндүк агым-2” дээрлик 93-пайыз даяр, эми Даниянын аймагындагы участокторго газ трубаларын орнотсо эле иш бүтөт.Орусиянын бул ишти бүтүрүү үчүн эки кемеси бар:

  1. “Академик Черский” кемеси даниялык бийликтин койгон талаптарынын барына жооп берет. Аны Ыраакы Чыгыштан Балтика деңизине алып келип, кайра газ куурун курууга ылайыкташ керек.
  2. Экинчи труба койо турган якордук баржа “Фортуна” Балтика деңизинде турат. Дания мамлекети экологияны бузуп жиберет дешип,  якордук кемелердин иштешине тыюу салышкан. Бирок, “Фортуна” узакка иштебегендиктен, уруксат алышы мүмкүн.

АКШ Европага ташыма газын алып келип сатышат, эгер Орусия газ кууру менен Еваропага шымааланып киришсе, АКШтан ташылып келген кымбат газды Европа албай коюшу да ыктымал. Бул жерде АКШ өз кызыкчылыгы үчүн Орусиянын “Түндүк агым-2” газ куурунун курулушуна каршы чыгып жатат.  

СССР жана газ

Орусиянын “Газпром” компаниясы акыркы мезгилдерде Борбордук Азиядан газ алуунун өлчөмдөрүн көбөйтө баштады. Совет мезгилинде 1960-1980-жылдары Ташкен менен Нурсултандан Орусия ушул өлчөмдө газ алып турган. Ал кезде курулган “Бухара –Урал” жана “Орто Азия –Борбор” газ куурлары РСФСРди газ менен камсыз кылып турган.

 2008-жылга чейин Орусия Түркмөнстандын газын алуу боюнча алдына киши салчу эмес, ал кездерде 42 млрд кубометр газды сатып алып турчу. 2009-жылы “Орто Азия- Борбор” газ куурунда авария болгон, “Түркмөнгаз” бул боюнча “Газпромду” күнөөлөп, газ берүүнү токтотуп салган. Ушундан улам газ берүүчү трубаларда “давление” көтөрүлүп, трубалар жарылууга дуушар болгон. Газдын наркын көтөрүү боюнча чырлар эл аралык арбитражга чейин жетип, “Түркмөнгаз” акыркы мезгилдерде Орусияга газ берүүнү токтотконго чейин барган. Орусия бул күнөөлөрдү мойнуна алган эмес.Түркмөнстандан келе турган газдын өлчөмүнүн азайышы саясатка да байланыштуу. Бул мезгилдерде Орусия Өзбекстандан газ алууну өлчөмүн көбөйткөн. Казакстандан 2019-жылы 12,8 млрд кубометр газ алынса, 2020-жылга 15 млрд. кубометр алууну көздөп жатышат.

“Газпром” жана Кыргызстан

2013-жылы “Газпром” “Кыргызгаздын” 100 пайыз акциясын алат. Эки тарап символикалуу баага, кыргызча айтканда 1 долларга макулдашат. “Газпром” беш жыл боюу Кыргызстандын газ тармагын жаңыртуу милдетин мойнуна алат. Ушунун негизинде Кыргызстанда, айрыкча Бишкектин чеке белинде советтик жылдардан бери токтоп калган газ ала турган аймактар жандана баштайт. Андан тышкары “Газпром” спорттук имараттарды жана мектеп куруп берүү тууралуу социалдык милдеттенмелери бар болгон. Ооба, “Газпром”мектеп куруп берди. Бул мектеп карапайым жарандар үчүн эмес, байлыктары ашып-ташыгандардын мектеби болуп калгандай. Акчасы жоктор бул мектепти алыстан карап турбаса, бул мектепте балдарын окутууга чамасы жетпейт. “Газпром” курган Бишкектин түштүгүндө орун алган мектеп 33 заманбап окуу класстары бар, компьютерлик класстар, мультимедиалык китепкана, лаборатория, кенен зал, 350 орунга эсептелген ашканасы, эки спортзалы, эки жабылган бассейни, таза абада спорттук аянтчасы бар.

Мектептин баасы канча?

Бишкек мэриясы бул мектепке 3,5 гектар жер бөлүп берип, ал жерге жете турган жолду асфальттап берген. Мэр Азиз Суракматовдун айтуусунда шаардын казынасында бул мектепке түтө турган акча каражаты жок. Анткени, бул мектепке 150-200 миллион сом же 2.1 -2.9 миллион доллар талап кылынат. Ошондуктан, бул мектепти “Газпром” жетектейт.

Учурда Кыргызстанда айлык акынын орточо баасы 16 415 сом деп эсептелинет.Бул да жогорулаткан айлык. Бул акчаны орто байлар гана алышат. Ал эми мектепке окуш үчүн “Газпромго”-айына 22 000 төлөш керек. Албетте, “Газпромго” айына акча 22 миң сом төлөп окута турган ата-энелер деле чыгат, бирок азыркы көз караш менен алганда бул мектеп жалпы Кыргызстандын эли үчүн эмес, бир гана байлар үчүн курулганы айдан-ачык болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости