www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Свердлов районунда тилемчилик кылган 22 өспүрүм табылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлашты.

Маалыматка караганда, Мэрия тарабынан Свердлов району боюнча көчөлөрдө тилемчилик кылып жүргөн жашы жете элек балдарга текшерүү жүргүзүлүп, 22 өспүрүм табылган.

"Шаардык мэрия дайыма пландык текшерүү жүргүзүп, көчөлөрдө тилемчилик кылган, зомбулукка кабылган же иштөөгө аргасыз болгон өспүрүмдөрдү таап келет. Бул ирет Свердлов райондук акимиаты өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекция, социалдык өнүктүрүү башкармасынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү, муниципалдык аймактык башкаруу менен чогуу Чыгыш-5, ЦУМ, ГУМ, Дордой плаза, жер өткөөл, мечиттердин айланасы, компьютердик клубдарга текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында 22 өспүрүм тилемчилик кылганы аныкталып, алардын сегизи "Айданек" реинтеграция борборуна өткөрүлүп, бирөөсү адистештирилген үй-бүлө жана балдарды реабилитациялоо борборуна жеткирилип, калган 13ү ата-энесине же мыйзамдуу өкүлүнө өткөрүлүп берилди. Ата-энелер менен алардын баласынын алдындагы жоопкерчилиги жөнүндө сүйлөшүлүп, жашоо шарты начар үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүлдү", - деп билдиришти мэриядан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости