www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чындыктын” чындыгын “сындыруу” аракетиби?

“Chyndyk.kg” деген сайтты азыр Кыргызстандын төрт тарабы билип, ал сайттын берген ар кыл макалаларына назарын бурбагандар аз болсо керек. Акыркы кездерди адилеттик үчүн алынын жетишинче күрөшүп, чындыкты айтып жаткан сайттардын бирине айланган.

Мына ошол сайтты аз убакытта бутуна тургузуп, маалымат айдыңында таанылып калган жаш журналист, “Chyndyk.kg” сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков кечээ Аскер прокуратурасына сурак бергени чакырылып, андан ары убактылуу камоочу жайга киргизилип кеткени маалым болду.

Т.Бейшенбеков буга чейин да бир күн мурда чакырылып сурак берип жатканын, сурактан кийин сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкатка кол коюп бергенин айтып, так кайсы иш боюнча жана кимдин арызынын негизинде суралганын ачык айткан эмес.

Жеке өзүнүн билдирүүсүнө караганда бул аракеттер анын журналистик ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Ошого карабай, айрым маалымат булактары Бейшенбеков ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча суралып жатканын жазып чыгышкан болчу. Азырынча анын кандай себептер менен камакка алынганы ачык айтыла элек. Чыдай туралы, чындыгын "Чындык кж" чыкса, өздөрү айтаар...

Булак: “Факты.kg”

 

Последние новости