www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын декабрь айында Ош облусунун Гүлчө айылында жайгашкан аскердик бөлүктүн келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокери тактикалык талаадан келе жатып, жогорку чыңалуудагы линиянын алдынан ток урган. Белгилүү болгондой анын артындагы радистанциянын антеннасы электр нурун кармап, ошондон улам жоокерге электр чыңалуусу өтүп кеткен. Жалпысынан анын денесинин 46-48 пайызы күйгөндүгү маалымдалып, ооруканадан көз жумгандыгы кабарланган.

Эми келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокердин жакындарына компенсация төлөп берүүнү комиссия карап чыга турган болду.

-Учурда ишти Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы карап жатат. Аталган орган өз бүтүмүн чыгаргандан кийин компенсация тууралуу маселе көтөрүлөт, - дешет Башкы штабдан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости