www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө миллион сомдон берилет

Тажик тараптын кол салуусунан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө кенемте төлөнөрүн жана жабыркаган ишкерлерге да жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылынын эли менен жолуккан учурда белгилүү болду.

Өлкө башчы Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө кенемте төлөнөрүн жана жабыркаган ишкерлерге да жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Ошондой эле, президент бүгүнтөн баштап Максат айылындагы жана башка жапа чеккен айылдардагы талкаланган имараттардын ордуна заманбап үлгүдөгү имараттарды кайра салып берүү иштери башталарын, аны эки айда бүткөрүү мерчемделип жатканын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости