www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында Навои эс алуу багы менен футболдук академиянын аралыгындагы беш гектардай жашыл аймак кароосуз калып, таштандыга толуп, жай мезгилинде суугарылбай, дарактар куурап баратат. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда NazarNews маалымат агенттигине Кадырбек Эшмурзаев билдирди.

«Жыл өткөн сайын куураган дарактардын саны арбып жатат. Көп жылдан бери адам жашабаган ээсиз короодой болуп, бактын тамтыгы чыгып, кунарсыз көрүнүп, жолбун иттер менен сойкулардын байырлаган жайына айланды.

Жаратылыш кордолуп, жан кейитерлик абалга келди. Жашыл аймак шаардын борборунда чет элдик туристтер көп жүрүүчү жерде жайгашкан. Бак сууга мол Ак-Буура дарыясынын жээгинде орун алганына карабастан какырап жатат, бактын ичиндеги майда арыктардан суу акпаганына далай жылдар болду», - деди Кадырбек Эшмурзаев.

 

Ал бир нече жолу Ош шаарынын мэрине жана жергиликтүү ЖМКлардан, социалдык тармактардан ушул жашыл аймакты жашылдандыруу, оңдоп-түзөө боюнча кайрылган.

«Ит үрө берет, кербен жүрө берет» дегендей эч бир көңүл бурулбай жатат. Мүмкүн, бир аткаминер сатып алып, атайын кууратып, коммерциялык максаттарын ишке ашырганы жаткандыр...», - деп кошумчалады Эшмурзаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости