www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусуна Абдикарим Алимбаев губернатор болуп барды. Убагында бул кадр чек ара кызматын жетектеп, контрабанданын коргоочусу катары тар чөйрөгө таанылып, бутуна турганы анык беле? Жеңиш Разаковдун кадры.

Чогуу иш кылышчу экен. 2017-жылы Алимбаев чек ара кызматын жетектеп турганда, бул тармакка тийешелүү базадан көптөгөн курал-жарактар жоголуп, ызы-чуу чыкканы эсиңердеби? Кылмыш иштери козголот. Жоопкерчилик тартылбай, ошондон кийин кызаматтан алынганы белгилүү. Эм ушундай «калбырлуу» немени Баткен облусунун жетекчиси кыл коюшту.

«Көнгөн адат калабы, уйга жугон салабы?» дегендей, баягы эле контрабанданы өркүндөтүү менен жеке кызыкчылыг канааттандырабы? Өкмөт эмне үчүн муну тандады? Себеби, Абдикарим Алимбаев убагында Асамидин Мариповдун бир тууган каррындашынын кызын алган. Премьер-министр Улукбек Марип жакын тууган болуп жатпайбы? Кашайгырдыкы! «Иттин өлүгү» жактан сасып, баягы эле жек-жааттык кландашуу саясатынан көтөрүлө албаганыбыз ушулбу?

Булак: Азия News гезити

Последние новости