www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда унааларды утилизациялоо тарифтерин төмөндөтүү каралган жок. Бул тууралуу КазТАГ маалымат агенттиги өлкөнүн Өнөр жай жана курулуш министрлигине шилтеме кылып кабарлады.

"Учурда тарифтерди төмөндөтүү каралган жок. Чет өлкөлүк автоунааларды каттоо учурундагы төлөм – техникалык регламентке шайкеш келбеген унаалардын импортун чектөөгө жана чогулган каражатты жергиликтүү автоунаа өндүрүшүн өнүктүрүүгө жумшоого багытталган", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Кечээ министрликте чет элдик каттоодогу унааларды мыйзамдаштыруу маселеси боюнча ишкерлер менен жолугушуу өткөн. Ишкерлер алгачкы каттоо жана утилизация алымдарын төмөндөтүүнү өтүнүшкөн. Алардын айтымында, 2016-жылы чет өлкөлүк унааларды алып кирүүдө баштапкы төлөм киргизилгенден бери өлкөдөгү автоунаалардын "орточо жаш курагы" 20дан 24 жашка чейин жогорулаган.

Жыл башынан бери утилизация төлөмдөрүнө каршы болгондор нааразылык акцияларына чогулууда. Февраль айында 70ке жакын унаа ээси утилизация алымын 200 миң теңгеге чейин түшүрүүнү талап кылган. Бир жума мурун Актөбө акимчилик менен макулдашылган жыйын өтүп, 300гө жакын адам бул төлөмдү жокко чыгарууну суранган.

Последние новости