www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык ишкер, «Вертекс Голд» компаниясынын ээси Владимир Жуманбаевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип жатат.

Комитеттин маалыматында, Жуманбаев Көлбаевдин жардамы менен алтын казуу, кендерди жана баалуу металлдарды байытуу тармагындагы ишканаларды иштетип келген.

«Ал ай сайын кримтөбөлгө  1 млн. сомдон которуп турган. Жуманбаев Көлбаев менен жолугушуу үчүн «Барс» эс алуу борборуна жеке учагында учуп келген», — дейт УКМК.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен казак ишкери сыртынан камак алынып, ага «Интерпол» улуттук борбордук бюросу тарабынан издөө жарыяланды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости