www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй куруу үчүн берилген жер тилкеге тамдын ордуна курулган коммерциялык объекттер түрттүрүлүүгө тийиш. Бул тууралу Жогорку Кеңештин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов билдирди.

Жыйында депутат Камила Талиева там салууга берилген жерге үйдүн ордуна ишкана, соода-сатык үчүн дүкөн сыяктуу объект куруп, жерди башка багытта колдонгондорго кандай чара көрүлөрүн сурады.

Суроого Мамкурулуш агенттигинин өкүлү Бакай Турдугулов жооп берип: «Ал жер тилкесинин функционалдык багытын бузуу болуп саналат. Андай объекттер көйгөйлүү болуп, түрттүрүлүшү керек», — деди.

Турдугулов учурда өлкөдө турак үй үчүн берилген жерлерге башка объекттер салынган учурлар көп экенин мойнуна алды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости