www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Каспий куур түйүнү консорциумунда" мунай ташууга киргизилген чектөө алынып, казак мунайын жеткирүү толук көлөмдө калыбына келтирилди.

Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен "Каспий куур түйүнү консорциумунун" башкы директору Николай Горбаневдун жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Алар казак мунайын жеткирүүдө мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

"Каспий куур түйүнү консорциумунун" деңиз терминалындагы жабдуулар ремонттон өтүп бүткөнүнө кубанычтабыз. Бул чектөөлөрдү алууга жана Казакстанда мунай өндүрүү толугу менен калыбына келтирүүгө жол ачты", - деп билдирди Алихан Смаилов.

Каспий куур түйүнү аркылуу Казакстандын Тенгиз, Карачаганак жана Кашаган кендеринен алынган мунай экспорттолот. Казакстан өкмөтүнүн маалыматына караганда, 2021-жылы бул куур аркылуу 53,1 миллион тонна казак мунайы дүйнөлүк базарга жөнөтүлгөн. Быйыл январь-апрель айларында бул көрсөткүч 18,7 миллион тоннаны түзгөн.

Быйыл мартта "Каспий куур түйүнү консорциуму" катуу шамалдан улам Новороссийский алдындагы деңиз терминалындагы жабдуулардын шлангдары жарактан чыкканын кабарлаган.

"Каспий куур түйүнү консорциуму" аркылуу дүйнөлүк рынокко суткасына 1,2 миллион баррель мунай чыгарылат, бул дүйнөлүк жеткирүүнүн 1,2 пайызын түзөт. Казакстандан чыккан мунайды Chevron, Exxon Mobil, Eni жана Shell компаниялары өндүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости