www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы ооган көйгөйү боюнча эл аралык диалогдук механизмдердин жол-жоболорун иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт.

Орусия Ооганстандын көйгөйлөрү боюнча аймактык коопсуздукка олуттуу таасир тийгизе турган  эл аралык диалогдук механизмдерди жандандырууга кызыкдар.

Бул тууралуу 27-майда Тажикстандын борбору Душанбе шаарында өткөн көп тараптуу консультациялардын жүрүшүндө РФнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев билдирди.

Бул жолугушууга Орусия, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары жана улуттук коопсуздук органдарынын кеңешчилери катышып жаткандыгын РФнын ККнин (коопсуздук кеңеши) маалымат кызматы билдирди.

"Ооган факторунун аймактык коопсуздукка олуттуу таасир этүүсү сакталып жаткандыгын эске алып, биздин бүгүнкү жыйыныбыздын өткөрүлүшү өз учурунда болууда деп эсептеймин",- деди Патрушев.

Ал ошондой эле мындай көп тараптуу консултацияларды өткөрүү практикасы мындан ары да улантыларына ишеним билдирди.

"Биздин өлкөлөр мүчө болгон жана лидерлик кылган уюмдарда ооган көйгөйү боюнча эл аралык диалогдук механизмдерди жандандырып, иштешибиз зарыл. Алардын бири катары иши мындан ары да улантыла бере турган Москва форматын айтсак болот".- деди РФнын ККнын катчысы.

Мындан тышкары, Ооганстанга кошуна мамлекеттердин Кытайда өткөн министрлердин деңгээлиндеги жолугушуусу чоң мааниге ээ болду. Патрушев ошондой эле Өзбекстандын үстүбүздөгү жылдын июль айында Ташкентте ШКУнун алкагында Ооганстан боюнча жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция өткөрүү демилгесин белгиледи. 

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын айтуусуна караганда, Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшү КМШ жана ЖККУнун багыты боюнча өткөрүлүүчү иш чаралардын да башкы темасы болмокчу. 

"Мен тарабынан белгиленген баардык диалогдук форматтар ооган багытында бир позицияны иштеп чыгуу үчүн бири-бирин органикалык түрдө толуктап туруш керек",- деп сөзүн аяктады россиялык делегациянын жетекчиси.

Патрушев ушул эле күнү Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдүн баардыгын өз өзүнчө талкуулап, "ооган аймагынан келе турган чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу үчүн иштиктүү практикалык чараларды" карап чыгууну пландаштырууда.

"Биздин бүгүнкү жыйыныбыз ооган багытындагы өнөктөш мамлекеттердин өз ара кызматташуусун өнүктүрүүгө кошумча күч берип, Ооганстанда тез арада узак мезгилге созула турган тынч турмуштун орношуна көмөк көрсөтөт деп ишенем",- деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости