www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Тажикстанга акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча эки келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимди Казакстандын башчысы бекиткенин казак лидеринин маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 17-апрелинде Нур-Султан шаарында тараптар акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча келишимге кол коюшкан.

Бул келишим эки өлкөнүн президенттеринин 2020-жылдагы жолугушуусунда макулдашылган.

Казакстандын коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаев мурдараак маалымдагандай, келишимде Тажикстанга бир жолку колдоо көрсөтүлөрү, тактап айтканда, аскердик техникалар, анын ичинде ок-дарылар тажик тарапка өткөрүлүп берилет.

Ага ылайык, Дүйшөмбү алган аскердик жардамын үчүнчү жакка бере албайт.
Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Тажикстанга аскерий мүлктү өткөрүп берүү Казакстандын күжүрмөн даярдыгынын жана коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн абалына таасир этпейт, анткени жардам өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн учурдагы жөлөк пулунун ашыкча запастарынан берилип жатат.

Казакстан ратификациялаган экинчи келишимде тажик-ооган чек арасынын чектеш аймактарында коопсуздукту камсыздоодо Тажикстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү каралган. Тараптар бул документке 2021-жылдын 12-июлунда Казакстанда кол коюшкан.

Буга чейин Казакстан Ооганстандагы саясий жана аскердик кырдаалга тынчсызданып жатканын, анткени ал бүткүл аймактын коопсуздугуна жана стабилдүүлүгүнө коркунуч туудурарын билдирген. Атап айтканда, Ооганстан туш болгон чукул гуманитардык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө ар тараптуу жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды.

Казакстандын Тажикстанга аскердик техникалардан жардам берүү маселеси кыргыз-тажик чек арасындагы 4 күнгө созулган согуштан кийин катуу сынга кабылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости