www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарынан кийин аталган өлкө Кыргызстанга электр энергиясын жибере баштаган. Келишим келерки жылкыга да түзүлгөн.

Кыргызстан келерки жылы да Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Пятое заседании кыргызско-туркменской комиссии по торгово-экономическому, научно-техническому и гуманитарному сотрудничеству в онлайн-формате. 03 декабря 2021 года

Министр соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн комиссиянын онлайн форматта өткөн бешинчи жыйынында сөз сүйлөгөн. Иш-чарага түркмөн тараптан аталган өлкөнүн энергетика министри Хаджимухаммед Режепмырадов катышкан.

"Жакынкы келечекте өлкөнүн өзүнүн энергетикалык потенциалын жогорулатуу, жаңы энергетикалык объектилерди ишке киргизүү боюнча иштер аткарылууда. Бир нече кичи ГЭСти куруу үчүн жумуштар жигердүү жүрүп жатат. Бул үчүн ички жана тышкы инвесторлорго жагымдуу шарттар түзүлдү", ― деди министр.

Кыргызстан менен Россия аскердик-техникалык кызматташтык боюнча келишим түздү.

Ошондой эле Бекмурзаев президент Садыр Жапаровдун июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарынан кийин аталган өлкө Кыргызстанга электр энергиясын берип жатканын баса белгилеген. Анын айтымында, кийинки жылы дагы Түркмөнстандан электр энергиясын алуу боюнча келишим түзүлгөн. Учурда бул багытта мамлекет башчыларынын жана министрликтердин деңгээлинде активдүү сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости