www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен Казакстандын чек арасында Түркстан облусунда “Жибек Жолу” өткөрмө бекетинде миңден ашуун адам өтө албай турат. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өтө албай жаткандан өзбек жана тажик мигранттары.

Алар бир канча күндөн бери мекенине өтө албай турушканын айтышкан. Алар өткөрмө бекетке жакын жердеги автобус станциясынын имаратында баш калкалап жатышат. Өзбек жана казак жарандары Казакстанга иштөө үчүн келип, карантинге байланыштуу мекенине кайтууга аргасыз болгон.

Буга чейин да ушул өткөрмө бекетте ара жолдо калган тажик жарандары 20 күндөй жашаган эле.

Өткөн айда Миграция боюнча эл аралык уюм АКШнын, Норвегиянын жана ЮНИСЕФтин каржылык көмөгү менен «Жибек жолу» көзөмөл-өткөрмө бекетинде бир канча жумалап турган 635 тажик жаранын 14 автобус менен мекенине кайтарган болчу.

Коронавирус пандемиясынан улам казак-өзбек чек арасы март айынан тартып жабык турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости