www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Тараз шаарында Кордайдагы улут аралык жаңжал боюнча сот уланууда. 13-апрелдеги жараянда прокурорлор бул иш боюнча айыпталган 51 адамга шарттуу түрдө жазадан тартып 20 жылга чейин абакка кесүүнү сурады. Алар «Массалык башамаландык», «Мыйзамсыз курал сактоо», «Каракчылык», «Адам өлтүрүү» деген беренелер боюнча айыпталууда.

Айыпталуучулардын ичинен 16 адам үй камагында, калгандары тергөө абагында.

Мамлекеттик айыптоонун сунушуна Казакстандагы дунгандар ассоциациясынын төрагасы Хусей Дауров нааразылыгын билдирди. Ал жаңжал маалында өз үйлөрүн коргогон айрым адамдарды 20 жылга чейин абакка кесүү сунушталса, улут аралык жаңжал уюштургандар шарттуу жазага тартылганы жатканын Facebook баракчасына жазды.

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда былтыр 7-февралда улут аралык чыр чыккан. Чатакта он киши каза болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган. Ондогон турак жайлар жана машинелер өрттөлгөн. Миңдеген дунгандар Кыргызстанга кире качышкан.

Буга чейин бул иш боюнча айыпталган жети адамга сот өкүмү чыккан. Алар кандуу кагылышууга катышканы үчүн үч жылдан төрт жылга чейин кесилген. Былтыр жыл аягында камалган жети кишинин төртөөнүн жазасы шарттууга алмаштырылып, абактан чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости