www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Сенатынын башчысы Дарига Назарбаеванын 30 жаштагы уулу Айсултан Назарбаев кылмыш жоопкерчилигине тартылды. 30 жаштагы Нурсултан Назарбаевдин небересине Лондондун соту бир жылдык мөөнөт чегерди.

Андан сырткары, ал 140 саат коомдук ишке жана милдеттүү түрдө 20 жолу баңги зат илдеттен арылтуу сессиясына катышы керек. Сот аны менен эле чектелбестен, соттолучуга акчалай дагы айып салды. Ал жабырлануучулар тарапка жалпы жонунан 6 миң фунт стерлинг төлөп бериши керек. Бирок сот чегерилген 1 жылдык мөөнөттү шарттуу түрдө деп белгилеген. Себеби, наркологиялык борбордун дарыгерлери Айсултанды маң затынан арылтууда жакшы жылыштар бар деп көрсөтмө беришти.

Белгилей кетсек, Дарига Назарбаеванын уулу июнь айында Лондондун батирлеринин биринде чыр чатак салып, чакыруу менен келген полиция кызматкерлеринин биринин колун тиштеп алган. Полициянын айтымында 30 жаштагы казак “эмири” чыр чатакка чейин кокаин колдонгон

Булак: NazarNews.kg

Последние новости