www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн (ЖКЖТ)командасы IX жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү отрядынын мамлекеттер аралык слетуна катышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, бул жылы Кыргызстанды Бишкек шаарынын Биринчимай районунун №49 мектебинин ЖКЖТ отряды көрсөтмөкчү. Балдар бир жыл бою Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын тескөөчүлөрунө биздин республиканын жолдору менен көчөлөрүндө балдардын коопсуз жүрүм-турумун жана балдардын жаракаттануусун алдын алууну пропагандалоого жардам беришип, жигердүү иш алып барышты.

"Эми балдардын алдында мындан дагы жоопкерчиликтүү жана татаал тапшырма турат-ал Кыргызстанды мамлекеттер аралык слетто татыктуу көрсөтүү",-деп ЖКККББдан белгилешти.

"Түнкү кайгуул" ЖКЖТ отрядынын жетекчиси, милициянын подполковниги Тилек Оторовдун сөзү боюнча, биздин отряддын жаш тескөөчүлөрдүн толкундоолоруна карабай, Россия Федерациясынын Анапа шаарына татыктуу көрсөтүү ниети менен кетишкен. Жаш тескөөчүлөрдүн жаңы формасы, белгилери, кокард менен шефрондору-баардыгы балдар үчүн өзгөчө сыймыктануунун претмеддери.

Балдардын мамлекеттер аралык слетко катышуусу мэр Азиз Суракматовдун жетекчилиги алдында Бишкек шаарынын мэриясынын, "Азия Мол" соода-оюн зоок борборунун, "Кыргызстан" фракциясынан Алмаз Батырбековдун, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана ИИМдин ЖКККББнын колдоосу менен ишке ашырылды.

"Балдарды Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов узатып, алардын иштери үчүн ыраазычылыгын билдирип, мелдеште ийгиликтерди каалады,-деп айтылат маалыматта. 

1973-жылы СССРдин ИИМдин МАИ башкы башкармалыгынын демилгеси менен Баардык союздук ленин коммунисттик жаштардын союзунун Борбордук комитетинин катчылыгынын, СССРдин ИИМдин коллегиясынын жана СССРдин билим берүү министрлигинин жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүн түзүү жөнүндө бирдиктүү токтому кабыл алынган. Ошол жылдын аягында 14 миңдей отряд түзүлүп, союздук республикаларда 11 ЖКТЖнын слеттору өткөрүлгөн. Биринчи жалпы союздук ЖКЖТнын слету 1975-жылы "Орленок" жалпы союздук лагеринде өткөн. Ага 72 отряд катышкан. 1985-жылы ЖКЖТ отряды тууралуу жаңы жобо иштелип чыккан.

1982-жылы 2-Жалпы союздук ЖКЖТ отрядынын слету Кыргыз ССРдин Фрунзе шаарында өткөрүлгөн.

Союздун тарашы менен республикалар көр карандысыздыкты алгандан кийин көптөгөн нерселер жоготууларга учураган. Кыргызстан болсо ЖКЖТ отрядын сактап гана калбастан, бул кыймылды бекемдөөгө дагы жетишкен. Бүгүнкү күнү биздин өлкөдө 600 ашык жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряды бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости