www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл аянтта актай плакат кармап турган оппозиционер Ольга Мисикти полиция кармап кетти.

Орусиянын полициясы мындай маалыматты ырастаган. Анда айтылгандай, Мисикке коомдук жайдагы тартипти бузгандыгы үчүн протокол толтурулуп, айып пул салынган.

Эске сала кетсек, мындай актай барак менен ушул эле Кызыл аянтта буга чейин ЛГБТ-кыймылынын мүчөсү Полина Симоненко дагы акцияга чыгып, полициянын тарбиясын алган. Ошондой эле Нур-Султан шаарынын борбордук аянтында актай барак кармап турган казак жигиттин патрулдук полиция эмес, жол коопсуздугун караган полиция күч менен алып кеткени бар.

Мындан улам бир анекдот эске түшөт.

Борбордук аянтта колунда “УУРУ!” деп бадырайта жазылган плакатты кармаган эркек турат. Анын жанына келген тартип сакчылары:

- Сен президентти мазактаганың үчүн кармалдың!

- Кечиресиңер, мында ким ууру экени жазылган жок.

- Сен эмне бизди келесоо көрүп жатасыңбы?! Бас энең... президент болбосо, депутатты, ал болбосо дагы бир чиновникти айтып жатасың да...

NazarNews.kg

Последние новости