www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ислам дининде “кудайдан башка кудай жок” дейт,“Мен Кудаймын” деп өзүн коомчулукка тааныштырып, социалдык тармакта катуу талкуу жараткан, ал тургай Жогорку Кеңешти чоочуткан Арстан Алайды эми кыргыз эли жалпы угушу керек. Анын айткандарына саресеп салып көрөлү:

  1.  “Атамбаев теңир жараткан улуу адам, ошондуктан ал эч качан камалбайт”.

Азиз Батукаевди качырган кылмыш иштери боюнча Атамбаев камакта отурат. Кой-Таштагы козголгон кылмыш иштери боюнча анын мойнуна дагы кылмыш иштери жүктөлүшү мүмкүн.

2. “ Кыргыздардын мамлекет башына жашы кырктарда, өңү байыркы кыргыздардай сары жигит келет”.

Сапар Исаковду айтып жатса керек. Ал мамлекет башына эмес, өкмөт башына сегиз айга жетпеген премьер болду. Учурда ТЭЦ кылмыш иштери боюнча жооп бекрип жатат.Мамлекет башына жашы алтымыштагы адам келген.

  1. “Жаз келди, мындан ары күн жылыйт, чөбүңөрдү сата берсеңер болот”. Аны уккан кээ бир дөөпай кыргыздар арткан-үрткөн чөп-чарын болбогон акчаларга сатып жиберишип дым отуруп калышат. “Эсепчини жут алат” болуп жаз келер менен катаал суук башталып, кыргыз элинде болуп көрбөгөн жут башталат. Арстан Алайдын сөзүн чын көрүп чөп-чарын сатып ийгендер, мал-салын бүт кырып аны каргап-шилеп жатып калышат. Чөп-чардын наркы өсүп, күн жылыганда арзыбаган акчага түшүп калган чөптүн баасы асмандап кетет. Мамлекет көмөк көрсөтүп Чүйдөн, Казакстандан  чөп тартышып, тоолуу аймактардан кээ бир малдарды эптеп сактап калат. Эл ага “Зима не будет” деп жалганчылыгыгы үчүн какшык ат беришет.

Деги эле көзү ачык, экстрансенс  Арстан Алайдын көктү карап айткан сөздөрүнүн көбү жалган чыгат. Анда неге ал дардаңдап айтымчы болуп алган?

Арстан Алайдын айткандарын укпагандар кырсыкка учурашы толугу менен мүмкүн. Асман менен арбашып, адамдарга өзүн Кудаймын деп тааныштырган Арстан Алай берилген айрым суроолорго түз жооп бере алган жок. Төмөндө аудио тасмадан кызыктуу маекти уга аласыздар.

Эске сала кетсек ЖК депутаты Улугбек Ормоновдун Арстан Алайдын чакырык, иш-аракеттерине укук коргоо тармагы бир жылдан бери мыйзам чегинде баа берилбей жатканын билдирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости