www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак ырчысы Димаш Кудайберген Ысык-Көлгө келди

Казакстандык ырчы жана композитор Димаш Кудайберген «Мейкин Азия» IV Эл аралык музыкалык фестивалына катышуу үчүн Чолпон-Атага келди. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

2013-жылы «Мейкин Азия» фестивалында Димаш Гран-прини жеңип алган.

12 жылдын ичинде Димаш Кудайберген дүйнөдөгү эң белгилүү ырчылардын бирине айланды. Ал үчүн Игорь Крутой, Ренат Гайсин жана Уолтер Афанасьев сыяктуу композиторлор музыка жазышкан. Ал Пласидо Доминго, Хосе Каррерас, Лара Фабиан жана Хаузер сыяктуу дүйнөлүк жылдыздар менен бирге сахнага чыккан.

Димаштын концерттери дүйнөнүн булуң-бурчунда аншлаг менен өтүп, он миңдеген жана жүз миңдеген көрүүчүлөрдү чогултууда.

«Менин жүрөгүм ар дайым Кыргызстан менен, Ысык-Көл менен, менин талантыма биринчилерден болуп баа берген кыргыз музыка сүйүүчүлөрү менен», - деди ал.

Чолпон-Ата шаарында 20-22-июлда «Мейкин Азия» IV эл аралык фестивалы өтүүдө. Иш-чарага 25 өлкөдөн, анын ичинде Европадан дагы аткаруучулар катышууда.

Последние новости