www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир дагы өлкө жападан жалгыз тышкы күчтөргө каршы туруштук бере албайт. Бул тууралуу кыргыз-түрк мамилесине арналган илимий-практикалык конференцияда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.
Анын айтымында, ааламдашуу жана интеграция процесси жүрүүдө.
"Бир дагы аймак, бир дагы өлкө жападан жалгыз тышкы күчтөргө каршы туруштук бере албайт. Алар терроризм, экстремизм, куралдарды мыйзамсыз ташуу, аткезчилик, баңгизат сатуу", - дейт ал.
Казакбаев Кыргызстан салмактуу, так жана көп тараптуу саясат жүргүзөрүн белгиледи.
"Биринчи кезекте Кыргызстан жакын коңшулар менен тыгыз мамилелерди түзөт", - деди министр.
Булак: NazarNews.kg