www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия

Орусиянын байланыш, маалымат технологиялар тармагын тескеген Роскомнадзор кызматы Twitter социалдык тармагынын ылдамдыгын азайтуу чаралары көрүлгөнүн билдирди. Мекеме муну менен “орус жарандарын жана интернет кызматын Орус Федерациясынын аймагында мыйзамдарды аткарттырууну” көздөгөнүн түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, Twitter "2017-жылдан бери жашы жетелектерди өз жанын кыюуга азгырган, балдардын порногафиясы камтылган, маң заттарын колдонуу тууралуу маалыматтарды" өз платформасынан алып сала элек. Роскомнадзор Twitter корпорациясы мыйзамга баш ийбесе, мындан ары да катуу чаралар көрүлүп, блоктоп салганга чейин барышарын эскертти.

Twitter азырынча бул маалыматка жооп кайтара элек.

5-мартта Роскомнадзор Facebook, Instagram, Twitter, TikTok, «ВКонтакте», «Одноклассники», Telegram, YouTube социалдык платформаларынын административдик мыйзам бузуулары тууралуу протоколдор түзүлгөнүн билдирген.

Маалыматтарга караганда, Twitter ди Орусияда 690 миң адам активдүү пайдаланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости