www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казаков

Гезитибиздин өткөн санында «Казаков 10 млн. сом алып, 10 сом пайда келтирбей, үчүнчү дааратканасына свето-музыка коюп» деген аталыштагы чакан маалымат жазганбыз. Аталган маалыматта Казаковдун коррупциялык аракеттери баяндалган. Гезит чыккан соң бизге Казаковдун дагы башка жагымсыз иштери тууралуу окуялар белгилүү боло баштады. Алардын бири катары «Электр станциялар» ААКсына караштуу Кой-Таштагы «Теплый ключи» ден-соолукту чыңдоо борборун өзү жетектеген өкмөткө караштуу «Туризм» мамлекеттик ишканасына тартып алууга бир топ убакыттан бери аракет кылып жатканын айтсак болот.

Бул «Теплый ключинин» «Туризмге» эч кандай тиешеси жок, 1980-жылдардан бери эле энергетиктердин ден-соолук чыңдаган борбор болуп иштеп келген. Бирок ушуга карабай, Казаков деген өзүнчө эле «монстр» болуп, аталган борборду «эки чайнап, бир жуткусу» бар экен. Ал үчүн Ак-үй, Көк-үйдөгүлөрдүн эшигин каккылап, жаны тынбай жүрүптүр. Буйруса, гезиттин кийинки сандарында мына ушул маселенин чоо-жайын кенен билүү, коомчулукка толук маалымат жеткирүү үчүн тиешелүү адамдарды таап, маек курууга аракет кылабыз, - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити. 

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости