www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан Кыргызстандан сууну негизинен үч дарыя аркылуу – Чу дарыясы, Талас дарыясы жана Нарын дарыясы аркылуу алат. Иш жүзүндө коңшу өлкөнүн бүт түштүк облустары, анын ичинде Жамбыл облусу 80% кыргыз тоолорунан аккан суудан көз каранды. Мунун ичинен Талас дарыясындагы Кыргызстандын Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү быйыл соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөн. Натыйжада жай айларында андан коңшу өлкөгө суу берүү убактылуу токтотулган. Казакстан сугат суунун жетишсиздигинен улам 13 районунда өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.
Казакстандын өкмөтү коңшу өлкөлөрдөн сууга байланыштуу көз карандылыктан чыгуу үчүн 2024-2026-жылдары жаңы 20 суу сактагыч куруу планын жарыялады. Бул тууралуу 11-декабрда аталган өлкөнүн өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Казакстан Евразия континентиндеги суу тартыштыгы курч болуп жаткан өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат. Казакстанда сууну керектөөнүн 65%ы айыл чарбасына туура келет. Өлкөдөгү агын суулардын жарымына жакыны коңшу өлкөлөрдөн – Кытайдан, Орусиядан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан агып өтөт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg