www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Нурмамат Канаев коомчулукта "Мантай" деген ат менен таанымал. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  анын ысымы 2018-жылы УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Бишкектеги Орто-Сай-2 шаарчасына үй куруп жатканы тууралуу маалыматтарда айтылган. 2020-жылы “FactCheck” порталы сөз болуп жаткан үй Бажы кызматынын ошол кездеги кызматкери Самсалиев Абулхазы Нурлановичке таандык экенин, анын Нурмамат Канаев менен байланышы бар экенин жазган.

 Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Нурмамат Канаев кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына 2024-жылдын 4-январына чейин камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып тагылууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости