www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык прокуратурасы “Классик” мейманканасынын жетекчисинин арызы боюнча Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  иш Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен козголду.

Буга чейин “Классик” мейманканасынын ээси Жаныбек Ажимаматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына, Ош шаардык кеңешине арыз менен кайрылган. Ал арызында 5-октябрь - шаар күнүндөгү сый тамакты бекер өткөрүп берүү талабы коюлганын айтып, Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсуповго жана мэрдин ошол учурдагы коомдук башталыштагы кеңешчиси Абдүшүкүр Жураевге каршы даттанган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости