www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Дордойдо» өз чөнтөгүн сүйгөн 5 салыкчы торго түштү

Салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу “Дордой” соода-базар комплексинде салык чогултууга жооптуу болгон 5 салык кызматкери кармалганын маалымдады. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  базардын аймагындагы салыктарды тескөө үчүн жооптуу айрым кызмат адамдары өздөрү баюу максатында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурушканы аныкталган. Тиешелүү кабарда “аталган схема кеминде беш-алты жыл туруктуу иштегени жана Салык кызматынын кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турганы” да белгиленген.

“Дордой” соода-базар комплексинин бир базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары болсо, салык 400 гана ишкерден түшүп турган. Кармалган салыкчылардын төртөөнө (М.А.Ч., Ж.А.М., Т.Н.Г., К.А.К.) Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айып тагылган. Алардын дагы бири (А.А.Б.) Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине (“Кармоонун негиздери”) ылайык кармалган. "Дордой" базары деп жалпы аталганы менен комплекстин айгагында ондогон базар администрациясы бар экени маалым.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости