www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык кеңешинин калаа мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча өтүнүчүн президент Садыр Жапаров колдогон жок. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  чечим тууралуу президенттин басма сөз кызматы азырынча маалымат бере элек.

Ош шаардык кеңеши 14-ноябрдагы сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үч депутат каршы болгон. Депутаттар буга шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө кылышкан.

57 жаштагы Бакытбек Жетигенов Ош шаарына мэр болуп бир жыл мурда дайындалган. Ал мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон, 2021-жылы ноябрда “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” деген берене боюнча кармалып, бир айдан кийин бошотулган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости