www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын “Кордай авто” мамлекеттик чек арасында 19 жаштагы кыргызстандык Алина Горшенина кармалды. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлиги ырастады.

Мекеменин маалыматында, ал эл аралык издөөдө болгон. Казакстандын милициясы камакка алып, аны Орусияга өткөрүп бермекчи.

Алинанын апасы Лариса Горшенинин жергиликтүү медиага айтымында, кызына жалаа жаап, жок жерден Орусияда оор кылмышка айыпташууда.

«Кызым эл аралык издөөдө жүргөнүн билген эмес. Ал Казакстанга 2 күндүк турга бара жаткан. Орусияда кызым акыркы жолу 2018-жылы болгон. Анын кичинекей баласы бар», — дейт ал.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости