www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рейтингдик мелдеш: Бүгүн 4 кыргыз балбаны таймашка чыгат

Бүгүн, 6-июнда Венгриянын борбору Будапештте күрөш боюнча рейтингдик мелдеш башталат. Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандардан 4 спортчу килем үстүнө чыгат.

57 кг салмакта Алмаз Сманбеков беттешти чейрек финалдан баштап, алгачкы кармашында япониялык Рей Хигучи менен күч сынашат.

61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу 1/8 финалда грузиялык спортчу Ника Закашвили менен кез келет. Ушул эле салмакта дагы бир кыргыз балбаны Бекболот Мырзаназар уулу 1/8 финалда грузиялык Георгий Гониашвили менен таймашка түшөт.

70 кг салмакта Алибек Осмонов чейрек финалдагы биринчи беттешинде армениялык балбан Вазген Теванян менен күрөшөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости