www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын полициясы күйүүчү-майлоочу материалдардын мыйзамсыз чыгарылышын алдын алуу үчүн автоунаа өткөрүү пункттарына жакын аймактарда 59 пост уюштурду.
Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалымат порталы билдирди.
Тартип сакчылары башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте чек арадан өтүп жаткан унааларды текшерүүдө.
Өзгөчө унааларга мыйзамсыз кошумча күйүүчү май бактары орнотулган-орнотулбаганы көзөмөлдөнүүдө.
Буга чейин Казакстандын бийлиги өлкөдө күйүүчү май тартыштыгын алдын алуу максатында чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган.
Мындан тышкары, коңшу өлкөлөрдөн кирип-чыгып жаткан жүк жана жеңил унаалар үчүн суткасына бир жолудан өтүү чектөөсү киргизилген.
Казакстандын Энергетика министрлиги расмий кайрылуу болгон учурда гана күйүүчү майды башка өлкөлөргө, анын ичинде Орусияга жеткирүү мүмкүнчүлүгү караларын билдирген.